Президентти уят кылып, губернатор Аманкан Кенжебаев иштебей эле жүргөнбү?


Ушундай. Президент Садыр Жапаров Ош облусун кыдырып, элдин көйгөйүн угуп, ошол замат тапшырмаларды берип атканын көрдүк. Бул иштерди аткаруу губернатор Аманкан Кенжебаевдин милдети эле да. Туурабы? Жергиликтүү бийлик, укук коргоо органдары өз милдеттерин убагында аткарбай, карапайым калктан алыстап, кайдыгерликке батып калганбы? Коомчулукка ушундай картина тартылууда. Элдин көйгөйүн чече турган губернатор Аманкан Кенжебаев, Ош ОИИБ начальниги Нурланбек Бурканов, сот системасы, жана башка мекемелер эшек такалап жүрүшкөнбү? Баары ачыкталды го...
Күн өткөн сайын президенттик шайлоо жакындап келатат. Эң жөнөкөй маселелерди чече албаган кадрлар менен кантип шайлоону өткөрүшөт? Бул олуттуу суроо. Аламанга чейин да элдин даты, арыз-муңу көбөйө берсе, анан кимге добуш беришет? Деги шайлоону кандайча элестетебиз? Таңгаларлык абал түзүлүп калыптыр...











