Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Кытайда COVID-19дун туу чокусуна январь айында жетиши мүмкүн

Кытайда COVID-19дун туу чокусуна январь айында жетиши мүмкүн

06-январь, 11:47
361 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Бул тууралуу жергиликтүү South China Morning Post басылмасы эпидемиологдорго таянуу менен жазды.

"Менин оюмча, өлкөдө оорунун туу чокусу январдын башында болот. Кээ бир шаарлар, мисалы, Пекин мындай абалдан өтүп кеткен" деди Гонконг университетинин коомдук саламаттыкты сактоо мектебинин профессору, эпидемиолог Бен Коулинг.

Басылманын маалыматы боюнча, азыр Кытайда үстөмдүк кылып жаткан омикрон вариантынын өтө жугуштуу экенин эске алганда, инфекциянын кескин көбөйүшү күтүлүүдө.

Фудан университетинин Хуашань ооруканасынын жугуштуу оорулар бөлүмүнүн башчысы Чжан Вендун Шанхайда оорунун туу чокусу бир жуманын ичинде болорун, андан кийин эпидемия дагы бир-эки айга созуларын божомолдоп жатат.

Жума күнү Bloomberg бул жумада Кытайда бир күндө 37 миллионго жакын адам коронавирусту жуктуруп алышы мүмкүн деп билдирген. 

Кытайдын саламаттык сактоо боюнча улуттук комиссиясынын атын атагысы келбеген мүчөсү декабрь айынын 20 күнүндө 248 миллионго чейин адам же калктын дээрлик 18 пайызы коронавирус жуктуруп алганын айткан. 


Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер