Өкмөттөгү кадрдык өзгөрүүлөр элге үмүт берген жок

Бийликке болгон ишенимди күч органдары, сот системасы кетирип атканын президент өзү да бир канча ирет айткан. Тилекке каршы, бул жааттан өзгөрүүлөрдү, “жарк” эткен жылыштарды көрө элекпиз.
Өкмөттөгү кадрдык алмаштыруулар элге үмүт бере алган жок. Эркин Асрандиевдин вице-премьер-министр болгону, Замирбек Аскаровдун ӨКМ жетекчилигине дайындалганы упай алып келмек турсун, коомчулукта бүдөмүк ойлорду жаратты. “Бир Бол” фракциясынан депутат Мыктыбек Абдылдаевдин Жогорку Кеңештен сүйлөгөн сөзү бүгүнкү бийликтеги башаламандыкты, кадр саясатындагы ыраатсыздыкты айгинелеп койду. Карапайым калк баарына күбө болууда. Коомчулуктун кыжырына тийген Жеңиш Разаков бийликке “устун” болобу? Кашкар Жунушалиев сыяктуу күч органдарынын башчылары эмнеге “былтыйып” отурушат? Мындай көзгө сайган катачылыктар арбын...
Саясый кырдаал күн санап курчуп баратканда, алдын ала караңгыдан көз тапкандай кадрдык өзгөрүүлөр жасалса, келечекке болгон үмүт жаралмак да...
Aryba.kg











