Мамлекеттин туруктуулугуна ат көтөргүс салым кошкон Урмат Жумабеков
ИИМдин 10-башкы башкармалыгынын начальниги Урмат Жумабеков коомдук-саясый абалга ыкчам, алдын ала чараларды көрүп келет. Натыйжада, өлкөдө туруктуулук сакталып, боло турган башаламандыктардын мизин майтаруудабы? Эсиңерде болсо, ИИМ тарабынан жоон топ “кемпирабадчыларды”, 11 блогерди, ошондой эле жакында Темирлан Султанбековду, Ирина Карамушкинаны, Роза Турксеверди кармоо операциялары жүргүзүлүп, ийгиликтүү ишке ашкан. Баса, 2023-жылы Дамира Ниязалиева менен Кубанычбек Самаковдун добуш сатып алууларын ашкерелегеничи? Бирок алар соттон жаза албай кетишти го? “Кадрлар баарын чечет” дегендей, 10-башкы башкармалыктын профессионалдуулугу натыйжа берип жатканына күбөбүз. Саясый күчтөргө, кайсы бир таасирдүү адамдарга жаман көрүнүп калуудан коркпогон Урмат Жумабековдун чечкиндүүлүгү, мамлекетчилдиги кашкайып көрүнүп турат. Чын жүрөктөн элдин коопсуздугун ойлогон адам гана ушундай өзгөчөлүктөргө ээ эмеспи. Аныгында, жогорку төбөлдөр Урмат Жумабековдун кыраакы ишмердүүлүгүн баалашып, генерал-майор наамын ыйгарып коюшса жарашмак да, туурабы? “Темирди кызуусунда сок” дейт. Убагында адилеттүү сөз айтылышы керек. “Башын канжыгага байлап койгондой” тобокелчиликке барган полковникти бүгүн баалабасак, эртеңки күнгө калганы курусун!
"Азия Ньюс" гезити