БШК Фархат Исмаилов менен Фарходбек Алимжановдун мандаттарын качан алат?

УКМК эки депутаттын дипломдору жасалма экенин тастыктап, БШКга расмий материалдар менен билдирген. Натыйжада, мыйзамдын талабына жараша мандаттарынан ажырашы керек. Алар “Ата Журт Кыргызстан” фракциясынан Фархат Исмаилов, “Альянстан” Фарходбек Алимжанов. Булардын кыңыр иштери аныкталгандан кийин коомчулукта резонанс жаралган. Түшүнүксүз жагдай: бир айга жакын убакыттан бери БШК Фархат Исмаилов менен Фарходбек Алимжановдун мандаттарын эмнеге ажыратпай жатат? Калың эл күтүүдө. Айтмакчы, жума башында президент Садыр Жапаров парламентке жогорку билимдүүлөр депутат болушу керектигин интервьюсунда билдирди. Мыйзам талабы, ырааттуулук ушундай. А эмнеге БШК маселени создуктуруп атат? Же “соодалашуу” кызып кеттиби? Эрксизден баш чайкайсың да...
"Азия Ньюс" гезити