Акыркы кабарлар
» Саясат » Шайлообек Атазов: "Бул жерде өлүмүш болуп жаткан депутаттар бар"
Шайлообек Атазов: "Бул жерде өлүмүш болуп жаткан депутаттар бар"
06-апрель, 18:28


Бүгүн, 6-апрелде Жогорку Кеңештин жыйынында башкы прокуратуранын отчёту каралып жатат. Башкы прокурор Курманкул Зулушев баяндама жасады.
Депутат Шайлообек Атазов “бул жерде өлүмүш болуп жаткан депутаттар бар. “Шайлоого араң акча таптым” деп айтышат. Батыштан буларга келип жаткан акчаларды көзөмөлдөп коюу керек. Булар өздөрү өтүп, кийинкилерге жардам берип жүрөт. Буларга кайсы булактардан акча келип жатат?” деп сурады.
Курманкул Зулушев “сырттан акча келип жаткан депутаттар болсо так маалыматты берсеңиз, текшерүүгө даярбыз” деди.










