Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Ошто «Бабахандын» кармалышын Мадумаров айтып берди

Ошто «Бабахандын» кармалышын Мадумаров айтып берди

27-октябрь, 11:58
870 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Өзгөн районунун 68 жаштагы тургуну Эгемберди Мадумаров бир нече жыл милицияда кызмат өтөгөн. Ал милициянын подполковниги болуп пенсияга чыккан. Ишинде бир катар төш белгилер менен сыйланган. Үй-бүлөлүү, төрт баланын атасы.

Өзүнүн айтымында, 1972-жылы Кыргыз мамлекеттик айыл чарба институтуна кирип, 1977-жылы экономист-зоотехник кесибине ээ болгон. 1986-жылдан 1987-жылга ИИМдн жогорку курсунда окуган. 1977-жылдан 1982-жылга чейин Өзгөн райондук айыл чарба башкармалыгына караштуу чарбаларда зоотехник, башкы зоотехник болуп иштеген. 1982-жылдан 2001-жылга чейин ички иштер министрлигине караштуу экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү кызматынын бөлүмдөрүндө иштеген. 2001-жылы пенсияга чыккан. 

 «1996-97-жылдары колхоз-совхоздор жоюлуп, майда чарбаларга бөлүнө баштаган. Анда элди бир эле мамлекеттик банк тейлечү. Ал учурда Ноокат районунда иштейт элем. Ошол мезгилде майда чарбаларга банктар накталай акча берүүнүн ордуна товар бере баштаган. Акчанын эсеби менен азык-түлүктөрдү берчү. Мисалы, күрүч, май таратылчу. Акча өзү банктарда болгон, бирок насыяларды азык-түлүк түрүндө берилчү. Анан бул ишти анализдеп көрсөк, Ноокаттагы банктын башчысы (каймана аты «Бабахан») азык-түлүктүн баарын Өзбекстандын Кокон жергесинен өзү сатып келчү экен. Мисалы, 1 кг күрүчтү 60 тыйындан алса, элге 1 сом 20 тыйындан өткөрүп жүргөн. Анысы аз келгенсип кассир менен бухгалтерге «акчалай берилди» деп кол койдуруп алчу экен. Кийин аны кармаганбыз. Кармагандан кийин чоң чуу чыкты. Ошол кездеги райондун акими мени жөн эле райондон айдап жиберчүдөй тап көрсөткөн. «Бабахан» ошол убактагы акча менен алганда мамлекетке 400 миң сомдой зыян алып келген. Бул ишти кийин башкы прокуратура өзүнө алып, андан ары жок болду окшойт. Эгер дагы иликтенгенде андан да көп сумма чыкмак.

Андан мурун Аксы районунда иштеп жүргөн убакта совхоз башчысы жасалма актылар менен кымбат баада мал сатып алып, көп акча жеген. Анын ишин ачканбыз. Ал дагы кийин соттолуп кетти» деди ал.

“Турмуш кж”
Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер