Акыркы кабарлар
» Жанирмем » Кош бойлуу боло электе эртерээк ажырашып кетсемби?..
Кош бойлуу боло электе эртерээк ажырашып кетсемби?..
27-апрель, 18:44
577 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌Турмушка чыкканыма эки ай болду. Жашым 18де. Күйөөм менен эки жыл сүйлөшүп жүрүп үйлөндүк. Бирок бизде той болгон жок. Нике кыйдырып жашадык. Москвага келгенбиз, “үйлөнүү тойду күздө, чогуу иштеп барып кылабыз” дейт. Мен дагы иштеп, тоюн кылышым керекпи? Бирок мамилебиз анча эмес. Көп урушабыз. Мени кагып-силкип салат, кайра кечирим сурап коёт, эч нерсе болбогон кишидей. Канча аракет кылсам да эч окшошпой жатат. Бир нерседен бир нерсе чыгып, чатак күчөйт. “Кеч боло электе баарын токтотсомбу?” деп ойлонуп жатам. Мамилебиз да сууп бараткандай. Ажырашуу жөнүндө айтсам, ага да болбойт. “Макул” деп жашай берсем, кийин өкүнүп калбаймынбы? Кош бойлуу боло электе эртерээк ойлонсомбу? Ажырашып кетсемби?..
Айзирек