Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Кошуна келин Салима өз жоолугуна муунуп...

Кошуна келин Салима өз жоолугуна муунуп...

03-ноябрь, 18:43
2 037 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Бүгүн эрте туруп уй сааганы баратсам, дубалдын ар жагы кобур-собур үн угулду. Таң атпай эмне болгон десем, күлгөндөр угулат. Уй саап бүтүп көчөгө айдап чыксам, кошуналардын эшигинин алдында толтура машине. Үпөл эженин кичүү баласы түндө кыз ала качып келиптир. Келини келип боорсок бышырган депкирди алып кетти, таңга маал араң отурду дейт. Чай ичип болуп кайненем экөөбүз келин көргөнү жоолугубузду алып кирдик. Келин Салима аттуу жакшынакай ажарлуу жан экен. Көнүлү суз, жерди карап отурат. Мединститутта үчүнчү курста окуйт экен. Бата берип коюп кетип калдык, бир убакта мени да койдой кылып машинеге салып, бутумду оорутуп басып алып келишкен. Жулкулдатып түшүрүп, сүйрөп киргизишкен. Ошол күн көз алдыма келди, менин да “окуумду бүтүп иштейм” деген оюм ойрон болгон.

Анан да өмүрү көрбөгөн кишиге турмушка чыгыш оор болду. Андан көрө мага өлүм улук болду. Үйдөн киши келсе кетип калам деп турдум, ага-жеңелерим келди. Ата-энемдин отуруп калсын дегени мени жерге киргизди. Апам келбесе асынып өлүп алам деп жеңемди коркуттум, апам келип мени отургузуп кетип калды. Ал кезде уят болчу. Мен билгизбей сыртка чыгып алма бак менен качып кеттим. Жолду билбей тескери жолго түшүп алыптырмын, кармалып калдым. Кечинде дагы качтым, тизем айрылып, жылаңайлак машиненин алдынан чыгып токтотуп, мен айткычакты артыман келип алып кетишти. Тиги машиненин ээси түшүнбөй эле калды. Айла жок жашап калдым. Бирок башында эч бир сезим ойгонбой, жаман көрүп жүрдүм. Кийин балалуу болуп, көнүп калдым. Кудайга шүгүр, кайненем, күйөөм жакшы кишилер. Бирок үй-бүлө болгондон кийин казан-аяк кагышпай койбойт экен. Кайдан ушул үйгө келгем деп чыгам. Күйөөм да кайдан да ала качып алдым эле деп жүрдү. Кийин балдар чоңоюкалганда ал адатыбыз калды. 

Менин бул абалымды кайталаган Салимага боорум ооруп кетти. Никесин кыйып барганбыз, мен уй келет деп келе бергем. Чакага суу алып, уйдун ордун даярдап жаткам. Дубалга жанаша үйүлгөн чөптө бирөөнүн жүргөнү угулду, карасам кызыл халатчан Салима. Ажатканага чыгам деп биз жак менен качып чыгыптыр, көзүн жалдыратып жардам сурап жиберди. Ойлонбой тоокканага киргизип, эшигин илип койдум. Аңгыча уйлар келип, алек болуп калдым. Кошунанын баласы эки бала менен секирип түшүп, чуркап издеп кетишти. Ууру кылгандай калчылдайм, кеч киргенде жол жакка узатып коюп келдим. Тынчып калганынан кетип калды го” десем, шаарга жеткирбей кармап келишиптир. Апасы келип отургузуп, өзү конок болуп кетип калды. Эртеси тез жардам келгенинен эмне болду деп барсак, Салима өз жоолугуна муунуп алыптыр. Дагы жакшы кайнатасы көрүп калыптыр. Салима көпкөк болуп кетиптир, келин алып сүйүнүп жүргөн Апал эжеде өң жок. Тез жардам менен кетишти, үч күн дегенде өзүнө келди. Салима да, апасы да арыз жазышкан жок. Мунун аягы жакшы бүттү, эгер өлүп калса, бир эне баласын жоготуп, биринин баласы камалып, куурабайт беле. Ала качып алган Мирбек жаман бала эмес, сүйлөшүп эле алса болот эле го. Апасы да келини аман калса экен деп уктабай калды. Ошон үчүн турмушка багыт алган жаштарга туура жолду көрсөтсөк. Салтка такабай, эл эмне дейт? деген кур намысты жамынбай, үйрөнсөк мындай көрүнүштөр азаят беле. Жашоо бул дарбыз эмес, чийки, даамы жок болсо, ыргытып башкасын алгандай. Ошон үчүн жаштарга тарбия иретинде ушундайларды айта жүрөлү, сабак болор. Жашоого көз караш башкача болот беле...

Саламат Өмүралиева, Москва шаары
Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер