Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Садыр Жапаров Самаркандда өтчү Түрк мамлекеттер уюмунун саммитине катышат

Садыр Жапаров Самаркандда өтчү Түрк мамлекеттер уюмунун саммитине катышат

09-ноябрь, 19:58
442 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Мамлекет башчы Садыр Жапаров 10-11-ноябрда Самарканд шаарында өтчү Түрк мамлекеттер уюмуна (ТМУ) мүчө өлкөлөрдүн башчыларынын саммитинин тогузунчу жыйынына катышат. Бул тууралуу президенттин администрациясынын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Муратбек Азымбакиев билдирди.

"Президенттер уюмдун алкагында көп тараптуу кызматташуунун актуалдуу маселелерин талкуулап, 2022-2026-жылдарга ТМУнун декларациясын жана стратегиясын кабыл алышат. Иш-чаранын алкагында транспорт, бажы иши, санариптештирүү тармагындагы келишимдерге жана документтерге кол коюу, ТМУ жана Түрк эл аралык академиясында бир катар кызматтарга дайындоо пландалууда" дейт Азымбакиев.

Ал саммиттин жүрүшүндө уюмдун башкы катчысы кызматына Кыргызстандын өкүлү Кубанычбек Өмүралиевди дайындоо чечими кабыл алынарын кошумчалады. Саммитке Кыргызстан, Азербайжан, Казакстан, Түркиянын лидерлери катышмакчы. Ал эми Венгриянын премьер-министри жана Түркмөнстан парламентинин төрагасы иш-чарага байкоочу өлкө катары көз салат.

Азымбакиев сапардын алкагында Садыр Жапаров Венгриянын премьер-министри Виктор Орбан менен жолугарын айтып, анда эки тараптуу кызматташуунун актуалдуу маселелери талкуулана турганы белгилеген.
Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер