Күйөөм эки жашар туягын эмес, банкирдин кызын тандап кетти...
Иштен жаңыдан сыртка чыккам. Сыртта борошолоп жааган кар, бурганак. Учкан карлар бетти урат. Көчөдө жүзүн каткан адамдар. Автоунаалар араң жүрүп баратат. Телефонума кабарлама келип түштү. Үшүгөн колдорум менен кар болгон телефонумду аарчып карасам, күйөөм Амирден экен...
--Сен каяктасың? Иштен чыктыңбы?
Калчылдаган колдорум менен тере баштадым.
--Азыр үйгө баратам. Өзүң качан?
--Берметтин кафесин билесиң да. Мен ошол жердемин, түз эле өтсөң?
--Бүгүн майрам беле? Кандайча кокусунан кафеге чакырып?
--Үйдө балдызым бар. Кенен сүйлөшө албайбыз. Бир сөз айтышым керек, келсең?
--Баратам...
Таңгалычтуу күтүүсүздүк. Жүрөгүм бир нерсе болчудай сыгыла түштү.
Амир бош кабина алып, күтүп отуруптур. Маанайы суз. Күнөөлүдөй көзүн ала качат. Тамакка буйрутма бердик. Иштеги жаңылыктардан сүйлөшүп отурдук. Амирдин бир нерсе айталбай отурганын баамдадым. Тамагыбыз ичилип бүткөндө ток этер суроомду узаттым.
--Сен эмне болуп атасың? Эмнени айталбай кыйналып?.. Адамды эзбей айтпайсыңбы?
--Мунар, кечирип кой? Сени аяп, мен көптөн бери айталбай жүрөм. Бирок бүгүн акыркы күн, айтышым керек… Экөөбүздүн жолубуз эки башка экен. Ажырашалы…
--Эмне? Амир эмне дейсиң?
--Билем, экөөбүз жакшы түгөйлөр элек. Уруш-талашсыз бактылуу күн кечирип келдик. Бирок жашоомдо мен чоң ката кетирдим. Сага деген сезимдерим да өчүп бараткандай. Менин жумушумда шефтин кызы иштейт эмеспи…
--Оозуңдан түшүрбөгөн баягы Алиябы?
--Ооба, экөөбүз жакын болуп кеткенбиз. Азыр ал кош бойлуу. Муну сен гана билбейсиң. Үйдөгүлөр баары билет. Алиянын атасы да билди. “Сен менин кызыма үйлөнсөң, баарын кечирем. Болбосо соттон көрүшөбүз” деген шарт койду. Менин ички сезимим да өзгөрдү, Алияны жактырып калдым. Эки оттун ортосунда калып, көпкө ойлондум. Бирок Алияны тандадым...
--Мындай болорун ойлобоптурмун, Амир! Сен... сендей адам сыяктуу айбанга кор болгон кайран өмүр! Сендей акмактын жанына секунд дагы тургум келбейт...
Буркурап боздоп ыйлаган бойдон сыртка чыктым. Кар борошолойт. Бороондун зарлуу, ачуу үнү дуулдайт. Бурганакты жиреп бараттым. Боздоп бараттым. Ыйлап бараттым. Бул табигаттын эле эмес, менен тагдырымдын, жашоомдун да бурганагы эле...
ххх
Болпойгон эки жашар туягын, мени таштап, уялбай эле Амир белгилүү банк директорунун кызы менен үйлөнүү той өткөрдү. Алардын күч күйөө баласы болуп алды. Бул мен үчүн оор сокку болду. Акырындап менин бир кездеги байкуш сүйүү сезимим жек көрүүгө айланды. Амирдин ар бир сөзүн, ар бир кылыгын электен өткөрүүгө кенен убакыт болду. Анын кандай адам экенин кеч түшүндүм. Мындай пас адам үчүн көз жаш короткон өзүмдү жектедим...
Мунара Асылбекова
Aryba.kg