Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Аракеч аялдар көбөйдү, эмнеге алар тез берилишет?

Аракеч аялдар көбөйдү, эмнеге алар тез берилишет?

10-июнь, 19:58
433 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Америкалык жана австралиялык адистер акыркы жүз жыл ичинде бир катар мамлекеттерде аялдар эркектердей эле ичимдикке берилип кеткенин аныктап чыкты. Бул тууралуу “Спутник-Кыргызстан” жазды.

Маалыматка ылайык, алкоголдун аялдарга тийгизген кесепети оорурак. Көбүнчө андан боор, жүрөк жана мээнин дарттары келип чыгат. Мындан тышкары, эмчек рагына кабылуу коркунучун жогорулатып жиберет.

АКШнын улуттук саламаттык сактоо институтунун маалыматы боюнча, акыркы 15 жылдын ичинде кара сарыктан каза болгон аялдардын саны дээрлик 85 пайызга өскөн (эркектер арасында 32 пайыз). Ошондой эле алкоголь ичимдиктерин ашыкча ичип, ооруканага түшкөн аял кишилердин саны көбөйдү. Жалпы статистика боюнча эркектер биринчи орунда турат, бирок алар жашы өтүп калган кишилер. Ал эми 1991-2000-жылдары туулгандардын арасында кыздар алкоголдук ичимдикти эркектер менен эле теңтайлашып ичип калганы белгиленет. Ачуу сууну ашыкча ичип, каза болгондордун сап башында дагы алар турат.

Адистер белгилегендей, кыз-келиндердин организминдеги спирт эркектерге салыштырмалуу көптө барып тарайт. Ичимдикке жакын аялдар ага жашы өткөндө берилип баштайт.

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер