Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Бекмамат Мээримбек уулу: “Эмгек акынын жогорулашы, мектеп, бала бакчалардын салынышы – бул жетишкендик”

Бекмамат Мээримбек уулу: “Эмгек акынын жогорулашы, мектеп, бала бакчалардын салынышы – бул жетишкендик”

05-январь, 19:30
621 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

-- Учурда жыл соңуна чыгып, жыйынтыктап жатабыз. Жыл акырында экономикага саресеп салып көрсөк. Эмнеге жетиштик? Эмнени жоготтук? Келерки жылга кандай үмүттөр бар?

-- Бюджеттин жогорулашы – чоң жетишкендик. Бул салык органдарынын иштеп баштаганынан кабар берет. Экинчиси – бул эмгек акылардын көбөйүшү. Үчүнчүсү – Камбар-Ата, Баласаруу сыяктуу стратегиялык объектилердин курулуп башталышы. Төртүнчүсү – мектеп, бала бакчалардын, жолдордун курулушу. Кумтөр кенинин Кыргызстанга кайтарылышы да экономикабызга чоң жылыш болду. Бул айтылгандардан тышкары да ийгиликтерибиз арбын. 

Жоготуулар да жок эмес. Кыргызстан электр энергиясын импорттоо менен алектенип, мамлекеттин экономикасы чоң жоготууларга учурап жатат. Мунун себеби, жай мезгилинде биздин агын сууларды башка мамлекеттерге коё берүүнүн натыйжасында кыш мезгилинде кайра өзүбүзгө суу жетпей, башка мамлекеттерден электр энергиясын импортоого мажбур болуп жатабыз. Бул экономика, мамлекет үчүн абдан чоң жоготуу. Ал эми бюджеттин 2022-жылга карата дефицити 35 миллиард сомго жетип отурат. Бул рекорддук көрсөткүч. Мындай болбош керек болчу. Мамлекеттик тең салмактуулук деген бар. Бул ошол рычагдын иштебей калышына алып келиши мүмкүн. Демек, биржа фондунда кыргыз өкмөтүнүн баалуу кагаздары өзүнүн баасын жоготушу ыктымал. Андан тышкары, социалдык, саясый окуяларга байланыштуу экономикалык жоготууларга да учурадык. Ага мисал, Баткен окуясын баса белгилеп айтсак болот. 

Кыргызстан импортко көз каранды болгондуктан, келерки жылы жергиликтүү өндүрүш тармагын мамлекет колго алса, мындан дагы жакшы жылыштар болот деген ойдомун. Себеби, биз өзүбүздү эт, сүт азыктары менен камсыздай алабыз. 


Жамиля Нурманбетова 

"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер