Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Жогорку Кеңеште кыргыз-тажик чек арасындагы соңку жаңжал талкууланат

Жогорку Кеңеште кыргыз-тажик чек арасындагы соңку жаңжал талкууланат

02-февраль, 11:44
693 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Чек ара маселесин Жогорку Кеңеш 2-февралдагы жыйынынын түштөн кийинки бөлүгүндө караганы жатат. Анда министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары, Улуттук коопсуздук комитетинин башчысы Камчыбек Ташиев баштаган жетекчилер келип маалымат берет. Бир катар депутаттар атайын кызматтын жетекчиси коомчулукта талкуу жараткан, Тажикстандын Кыргызстандагы Ворух анклавына жол куруу тууралуу жазылган №39 протокол тууралуу түшүндүрмө беришин талап кылышты.

Буга чейин Камчыбек Ташиев Ворух анклавына жол курууга уруксат берүү маселеси жакынкы күндөрү кыргыз-тажик өкмөттөр аралык комиссиясында караларын билдирген.

"Негизинен делимитация жана демаркациялоо боюнча өкмөттөр аралык комиссиянын ишин жандантуу, 27-январдагы куралдуу жаңжалдын себебин иликтөө тууралуу сөз болду. Өкмөттөр аралык комиссиянын иши Ворухка жол куруу маселесине келгенде токтоп калган болчу. Эми кайра ошол жерден уланат. Эгер комиссия кайра дагы бир пикирге келе албай, талаштуу суроолор жаралчу болсо, тажик УКМКнын төрагасы Саймумин Ятимов экөөбүз кайра жолугушуп, талкууламак болдук" деген Ташиев.
Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер