Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Санжар Болотов: "Кыргызстан аймактык авиахабга айлануудан кечигип атат"

Санжар Болотов: "Кыргызстан аймактык авиахабга айлануудан кечигип атат"

21-октябрь, 11:28
854 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Мамлекеттик жеке өнөктөштүк борборунун директору менен маек.

-- Аэропортторду мамлекеттик жеке өнөктөштүктө башкаруу боюнча эл аралык IFC менен келишим түздүңүздөр, эмнеге бул уюмга токтолдуңуздар?

-- Экономика жана каржы министрлиги IFC эл аралык финансы корпорациясы менен аэропортторго эл аралык инвесторлорду тартуу боюнча келишимге кол коюшту. Буга чейин IFC менен Бишкек, Ош, Жалал-Абад облустарында гемодиализ борборлорун ачуу боюнча иштешкенбиз. Кыргызстан дагы IFCнин мүчөсү болуп эсептелет. Корпорация анда бизге германиялык компанияны сунуштап, учурда гемодиализ борборлору ийгиликтүү иштеп жатат. Бирок, аэропортторду мамлекеттик жеке башкарууга берүү биздин негизги долбоорубуз. IFC Дүйнөлүк банктын мүчөсү, ишеничтүү, алар Санкт-Петербург, Иорданияда, Грузия, Греция сыяктуу өлкөлөрдүн аэропортторуна инвестор тартып, өнүктүрүүгө чоң салым кошо алган. Алматыдагы аэропортту дагы ушул уюм колго алган. Ошондуктан бул уюмдун тажрыйбасы чоң. 

-- Келишим канча убакытта ишке ашат, анда эмнелер каралган?

-- IFC болжолу менен алты айдын ичинде «Манас» аэропорту боюнча техникалык-экономикалык негиздеме даярдап берет. Ошондой эле өлкөдөгү 11 аэропорт боюнча диагностика-анализ жүргүзөт. Эгер биз аны кабыл алсак, потенциалдуу инвесторлорду тартканга аракет кылып баштайбыз. Бул конкурстук негизде ишке ашат. Келген компания IFC аэропортторду анализдөөгө короткон баардык чыгымдарды төлөп берет жана келишимдин алкагында аэропортту иштетүүнү колго алат. Кыргызстан аймактык авиахабга айланышы керек. Биздин географиялык жайгашуубуз абдан ыңгайлуу. Жеке инвестор аэропортту модернизациялайт, бул менчиктештирүү эмес, аэропорттун акциялары баштагыдай эле мамлекеттин колунда турат. Бул болгону өнөктөштөрдү тартуу жана мамлекет менен жеке жактын биргелешип башкаруусу дегенди туюндурат. Алар аэропортко акчаларын салат жана башкарат. Пайдасын мамлекет менен бирге көрөт. Мындай практика баардык өнүккөн мамлекеттерде колдонулууда. 

-- Мамлекетке кандай пайда алып келет?

-- Дүйнө жүзүндө баардык соода-сатыктар, алакалар океан же темир жол аркылуу жүргүзүлөт. Бизде экөө тең жок. Темир жолубуз ойдогудай өнүккөн эмес. Туристтик секторду, экспортту жөнгө салууда авиабайланыштар маанилүү.  Азырынча так канча киреше түшөрү аныктала элек. Аны IFC аныктап, эсептейт. Анткени биз аэропорттордун кандай мүмкүнчүлүктөрү бар экенин билбейбиз. Сөзсүз түрдө кирешелүү болот деп ойлойм. Себеби, буга чейинки мисалдарда айтылган өлкөлөрдүн аэропорттору өнүгүп, казынага түшкөн кирешелери арбыганы факт. Ар бир келген жеке тарап тейлөөнү жакшыртат, модернизация кылып, кошумча жаңы авиарейстерди алып келет, жүргүнчүлөрдүн агымы өсөт. Ошону менен бирге жаңы самолеттор пайда болушу ыктымал. Тескерисинче, биз муну ишке ашырууда кечигип жатабыз. 

-- Кыргызстандан түз кайсы бир мамлекетке учуу түйшүк жаратат, Астана, Алматы, Стамбул аркылуу каттап келишет. Эгер аэропорт мамлекеттик жеке өнөктөштүк тартибинде иштеп калса, кайсы мамлекеттерге түз каттамдар ачылат?

-- Өлкөдөгү негизги көйгөйлөрдүн бири – биздин атамекендик авиакомпаниялардын «кара тизмеде» турганы. Эгер жеке өнөктөш келе турган болсо, алардын сөзсүз түрдө авиакомпаниялар менен келишимдери болот. Азыр биз түз уча албай жаткан Европа мамлекеттерине түз каттамдар ачылышы толук ыктымал. «Ачык асман» долбоорун дагы кабыл алганбыз, бул жагынан транзиттик каттамдарды жүргүзсө болот. Визасыз режим, айтор, мүмкүнчүлүктөр арбын. Кыргызстандан Европага, Түштүк-Чыгыш Азияга каттоо алда канча эрте, ыңгайлуу экенин анализдер көрсөткөн. Казакстан менен Өзбекстан ушунун үстүндө активдүү иштеп жатат. Биз дагы ушул мүмкүнчүлүктү колдонуп калбасак, колубузда турган ырыскыбызды тарттырып жиберген болобуз. Азыр ушуну ишке ашырбасак, келечекте Казакстан, Өзбекстан аркылуу гана башка мамлекеттерге учуп калышыбыз мүмкүн. 

-- Авиабилеттердин баасына дагы таасири тийеби?

-- Эгерде бизде жаңы рейстер ачылса, эл аралык авиакомпаниялар келет. Мында атаандаштык өнүгүп, билеттердин бааларына түз таасири тийет. Атаандаштык бар жерде жүргүнчүлөрдө тандоо болуп, авиабилеттер жеткиликтүү жана баалары дагы ошого жараша болот. 


Анархан Алтымышова 

"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер