Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Эгер Рокфеллерлердин үй-бүлөсүндө төрөлбөсөңүз, анда төмөнкү сапаттарды калыптандыруу зарыл

Эгер Рокфеллерлердин үй-бүлөсүндө төрөлбөсөңүз, анда төмөнкү сапаттарды калыптандыруу зарыл

13-февраль, 21:04
590 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

    Көпчүлүк үчүн ийгилик бул – байлык. Эгер сиз Рокфеллерлердин үй-бүлөсүндө төрөлбөсөңүз, анда өзүңүздү өстүрүп, төмөнкү сапаттарды калыптандыруу зарыл:

      Туруктуулук (кайраттуулук)

     Кандай гана кыйынчылык, тоскоолдук же ийгиликсиздик болбосун  максатыңыздан тайбашыңыз керек. Томас Эдисонго достору «дагы бир жолу ийгиликсиз болдуң» дешкенде, ал тамаша менен: «Ийгиликсиздик эмес, мен болгону иштебеген он миң ыкманы таптым» - деп жооп берген.

Ишеним

Өз күчүңүзгө жана жеңишке болгон ишенимсиз эч нерсе ишке ашпайт. Өзүңүзгө ишенүү  ички кубатты ойготот, мүмкүнчүлүктөрдү ачат жана күчтүү мотивация берет.

Билим

Кесиптик чөйрөңүздө канчалык көп билип, канчалык мыкты адис болсоңуз, кирешеңиз ошончолук жогорулайт. Ага кошумча жогорку эмоционалдык интеллектти өнүктүрсөңүз  өсүү ылдамдыгыңыз көптөрдү таң калтырат.

Эмгекчилдик

Адам табиятынан жалкоого жакын: дене менен мээ энергияны үнөмдөөнү каалайт. Бирок бул системаны «алдоонун» жолу бар. Ар бир кичинекей ийгилигиңиз үчүн өзүңүздү сыйлап, ар бир майда жеңишти майрамдаңыз. Ошондо мээңиз эмгектен кийин ырахат келерин түшүнүп, жалкоолук азаят.

Бул сапаттарды өзүңүздө өнүктүрүңүз жана ийгилик сизден алыс болбойт. 

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер