Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Жээнбек Куленбеков: “Унааларга түтүндү фильтрлөөчү аппаратты, ЖЭБде көмүрдүн ордуна газды колдонуу зарыл”

Жээнбек Куленбеков: “Унааларга түтүндү фильтрлөөчү аппаратты, ЖЭБде көмүрдүн ордуна газды колдонуу зарыл”

26-ноябрь, 19:06
1 394 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Борбор Азиядагы Америка университетинин геоэкология жана климатология факультетинин деканы, доцент менен маек.

-- Кыш келгени кайра эле борбор калаабыздын ышка капталган кейиштүү көйгөйү айтыла баштады. Атайын илимий изилдөөгө алып баштаган ишиңиздер тууралуу ой бөлүшсөңүз? Аба булганышынын дагы кандай булактарын таптыңыздар? 

-- Эл сырттан карап туруп эле “ТЭЦтен түтүн чыгып, бизди басып жатат” деп эле көргөн нерселерин айтып жатышат. Күн жылыган учурда чаң дагы көтөрүлөт. Эл ошол чаңды жутуп жатат. Ал эми автоунаалардын түтүнү өзүнчө көйгөй. Ушунун баары эле абанын кирдешине булак болууда. Чаңда көп зыяндуу нерселер чогулган. Дүйнө жүзүнүн окумуштууларынын изилдөөсүнө таянсак, РМ 2,5 , РМ 10 дегендер бар. Булар эң майда бөлүкчөлөр. Алар РМ 2,5 микром деп коёт. Ал биздин өпкөбүзгө кирип чогулуп, кан аркылуу жүрөгүбүзгө таасир берип, жүрөк ооруларына алып келүүдө. РМ 10 дегени чоңураагы. Ал өпкөгө кирип, рак ооруларына алып келет. Ошол нерселерди изилдөөгө алуу болжонууда.  

Бишкек шаарыбыз өзү 150 миңдей автоунаага ылайыкташкан. Бизде 500 миңдей автоунаа жүрөт. Ал автоунаалардын 95%ы эски моделдеги машинелер. Абага көбүрөөк зыяндуу заттарды чыгарат. Калган 5%ы жарымы электр, жарымы газ болуп, алар абаны азыраак булгайт. Электр машиналарды көбөйткөнгө азырынча бизде шарт жок. Газ менен жүрө турган унаалардын келүү тарифин 0 кылып, биздин өкмөт ошондой иштерди жасашы керек. “Биз илимий негизде көйгөйлөрдү ачып беребиз, ошого таянып иш жасагыла” деген кеңешибизди бөлүшөбүз. Баары илимий негизде такталышы керек. 

Кыскача айтканда, ыш боюнча изилдөөлөрдүн жыйынтыгында, кышында Бишкек шаарында жеке менчик үйлөрдө көмүр колдонуудан жана унаалардан чыккан түтүндүн негизги булагына кирет деп белгиленди, о.э. буга ЖЭБдин дагы салымы бар экени талашсыз, бирок ЖЭБ бизге керектүү маалымат берүүдөн баш тартты. Кошумча башка булактардан, мисалы, Кыргызгидромет жана КРСУдан алынган маалыматта, ышты пайда кылып, кармап жана көбөйтүп турган бул атмосферадагы физиканын закону даана кубулуштар болуп эсептелет, б.а. инерция закону, буга кошумча болуп Сибирь тараптан жана Кытай тараптан келген антициклондор өбөлгө болот. Бул маселени чечүү жолдору болуп жеке менчик үйлөрдү салууда энергоэффективдүү материалдарды колдонуу жана жылуулоо, ууналарга түтүндү фильтрлөөчү аппаратты колдонуу, электр жана гибрид унааларына өтүү. Ал эми ЖЭБде көмүрдүн ордуна газды колдонуу.

Бишкектин четиндеги таштандылар полигонунда өрттөөнү токтотуу, ж.б.у.с. чараларды колдонуу зарыл.


Жамиля Нурманбетова 

"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер