Бийлик-оппозиция чабышып атканда, Нуржигит Кадырбеков эл астынан упай алууда
“Ыйман нуру” фракциясынын лидери Нуржигит Кадырбеков арканды алыс ыргытып, эл менен тыгыз жолугушууларга басым жасап, чоң таймашка даярданып жатканы байкалат. Бийлик менен оппозиция тирешип, бири-биринин айыбын чукуп жатышканда, калың журтту өзүнө оодара баштаган Нуржигиттин акылына баракелде! Билинбей жүрүп алып, бир топ иштердин өтөсүнө чыкчудай. Буга чейинки көз карандысыз сурамжылоолордун негизине токтолсок, “Ыйман нурунун” лидеринин саясый рейтинги көтөрүлүп баратканын байкайбыз. Убакыт бийликке каршы иштесе, элден упай алууну көздөгөн депутатка оңдой берди болобу? Анүстүнө диний катмардын басымдуу бөлүгү Нуржигит Кадырбековдун акыл-насааттарын, дааваттарын да кунт коюп угушат эмеспи. Кыскасы, келечекке карай бийликтин баш оорусуна айланганы калды...
"Азия Ньюс" гезити