Келбети чочкого окшош ымыркай төрөлдү
Кечээ жакында, Азербайжанда оозу жок, моюнунда кулагы менен муруну жайгашкан бала төрөлдү. Ымыркайдын келбети чочконукуна окшош экендиги интернетке жарыяланып, коомчулукту таң калтырды.
Ымыркай кыз Бакудагы жеке клиникалардын биринде жарыкка келген. Дарыгерлердин айтымында, анын жүрөгү жана өпкөсү жакшы иштеп жаткан. Бирок ал бир күнгө жетпей чарчап калган. Ал эми дарыгерлер кыздын ата-энесинин ден соолугу чың экендигин жана алардын дагы эки баласы бар экенин айтышкан.
Төрөтканананын башкы акушер-гинекологу Севиндж Мамедова мындай кемчиликти УЗИ үч айлык кезинде эле көрсөтүшү керек дейт. Дарыгерлер аны өз убагында аныктап, үй-бүлөсүнө айтышы керек болчу.
Ал эми баланын энеси кош бойлуу кезинде аны караган дарыгерлерге каршы даттана аларын айтты.
Эскерте кетсек, дүйнө жүзүндө жаныбарларга, айбанаттарга окшош ымыркайлардын төрөлүшү Индияда жана Кытайда көп катталат.
Aryba.kg