Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Аликбек Жекшенкулов: Кыргызстан – сүйүктүү мекеним

Аликбек Жекшенкулов: Кыргызстан – сүйүктүү мекеним

22-октябрь, 19:30
890 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

(Башы өткөн сандарда)

Улуу Жибек Жолунун кесилишинде

Кыргызстан географиялык жайгашуусу боюнча Борбор Азиянын чок ортосундагы, Евразия континентинин басымдуу бөлүгүн аралап өтүп, Батыш менен Чыгыш өлкөлөрүн байланыштырып турган Улуу Жибек Жолунун кесилишинде жайланышкан. Ал биздин заманга чейинки II кылымдан баштап XV кылымга чейин, тагыраагы, 17 кылымдан ашык убакыттан бери жашап келет. 

Соода жолунун үч тармагы – Түндүк, Түштүк жана Фергана өрөөнүн алганда, бир эле учурда биздин аймагыбыз аркылуу өтүп турган. 

Кыргызстандагы көптөгөн байыркы шаарлардын, архитектуралык эстеликтердин пайда болушуна Жибек Жолу себепкер болгон. Бул Кыргызстанда жашаган элдердин маданий алмашуусун өнүктүрүүдөгү гүлдөгөн учуру. Соода кербендери башка өлкөлөрдөн жаңы билимди жана технологияларды алып келишсе, бирок ошол эле учурда алар жергиликтүү шаарлардан, алардын тургундарынан, мындайча айтканда, дини, каада-салттары жөнүндөгү олуттуу маалыматтарды өздөрүнө сиңирип турушкан... 

                                                                                               

Ысык-Көл – жердин көзү

Ысык-Көлдү “Борбор Азиянын бермети” деп аташат. Көптөгөн өлкөлөрдүн космонавттары кайтып келгенде, космостон жер бетиндеги бийик тоолуу Ысык-Көлдүн көрүнгөнү алар үчүн эң күтүүсүз объект болгонун айтышат. Ал эми космоско биринчи болуп учкан орусиялык космонавт Алексей Леонов Ысык-Көлдү «жердин көзү» менен салыштырган.

Чынында эле, бийиктен караганда тескей Ала-Тоо менен күнгөй Ала-Тоо кыркаларынын ак карлуу чокуларынын ортосундагы – чөйчөктөй кочкул көк түстөгү көлдүн көрүнүшү укмуштуудай кооз.

Көл деңиз деңгээлинен 1607 метр бийиктикте жайгашып, чыгыштан батышка 180 чакырымга, түндүктөн түштүккө 60 чакырымга созулуп жатат. Ысык-Көл чоңдугу боюнча Түштүк Америкадагы Титикака көлүнөн кийинки дүйнөдө экинчи орунда. Кыргыз тилинде «ысык көл» ысык көл дегенди билдирет. Байыркы уламыштарда көл түрк элдеринин бешиги катары аталган.

Кыргыздын көрүнүктүү географы Садыбакас Умурзаков “ысык” сын атоочун азыркы якут, хакас жана тува тилдеринде кездешкен байыркы түрк тилдеринин “ыдык” – ыйык деген сөзүнүн фонетикалык жактан өзгөртүлгөн түрү деп эсептеген.

Ысык-Көл боюнча тарыхтагы алгачкы жазуулар биздин заманга чейинки II кылымдын аягындагы кытай жылнаамачыларына (летописцам) таандык. Дал ошол кытайлар аны "жылуу деңиз" – "Жэ-Хай" деп аташкан. Алардын жылнаамаларында көлдүн дагы эки аталышы бар: “Тянь-Чи” – “Толгон көл” жана “Ян-Хай” – “Туздуу көл”. Кытайлык буддист монах Сюань Цзань биринчилерден болуп VII кылымда көлдү кеңири сүрөттөп, аны Та-Цин-Чжи "Чоң тунук көл" деп атаган.

Көлдүн “Ысык-Көл” деген аталышын биринчи жолу XI кылымда жашаган белгилүү перс тарыхчысы жана географы Махмуд Гардизи “Кабарлардын коозудугу” («Краса повествований») аттуу эмгегинде жазган.


Ысык-Көлдүн аталышына байланышкан уламыштар

Кыргызстанда Ысык-Көл жана анын айланасындагы кооз жерлер мифтердин, уламыштардын, салттардын жана тамсилдердин саны боюнча «рекордчулар» болуп саналат.

Көлдүн аталышынын келип чыгышы жөнүндө көптөгөн уламыштар бар. Алардын биринде, бир нече миң жылдар мурун бул тоолор болгон эместиги айтылат. Алардын ордунда терең Чоңсуу дарыясы агып өткөн кең түшүмдүү түздүк жаткан. Кыргыздар миңдеген чакырым алыстыкта жашаган, оң жээгинде бугу уруусу, сол тарабында сарыбагыштар жайлаган.

Дарыядагы аралдардын биринде сулуу кыздын жашаганы уламыштарда бар. Анын сулуулугу тууралуу кептер бир эле убакта Күнгөй – Бугу менен Тескей – Сарыбагыштын ири урууларынын башчыларына чейин жеткен. Жигиттерин чогултуп, сулууга алардын биринин жубайы болууну сунуштоо үчүн Чоңсуунун жээгине жөнөшкөн.

Чоңсуунун жээгинде атаандаштар жана алардын аскерлери бетме-бет келишип, урушсуз ал кимдин жубайы болору чечилбестигин түшүнүштү. Отряддар согушка камданышып, Күнгөй менен Тескей дуэлине даярданышат.

Кызга күйөө болууга ким татыктуу?” деген маселени тынчтык мелдеште чечүүнү бири-бирине сунушташып, аларга үч жолу элчилерин жөнөтүшкөн, бирок баатырлар баш тартышкан. Туура түш ченде аскерлер өз ара чабуулга жөнөшөт. Бирок аларды “кыргыздар! деген кыйкырык токтотту: Биз ар дайым урууларыбыздын биримдиги менен күчтүү болчубуз! Мындан ары да кастык болбошу керек! Тынчтык болсун, а мен болсо жок болоюн!” деген үн угулат. Ошентип, кыз белиндеги бычакты сууруп чыгып жүрөгүнө сайган. Күн күркүрөп, Чоңсуунун сууларына ысык кандар чачырап акты. Заматта дарыя толкуп, кеңейип, согушуп жаткан тараптарды бөлүп салды. Кыздын жоругуна таңкалган жоокерлер менен баатырлар турган жеринде катып калышып, ал эми жоокерлердин катары тоолордун чынжырына айланып кетет. Ошондон бери алар бири-бирине карама-каршы турган боюнча калышып, аттары болсо башчыларындай Күнгөй, Тескей деп аталып калган экен.

Дагы бир уламышка ылайык, байыркы заманда бул жерде Улан менен Санташ деген эки жоокер салгылашканы айтылат. Баатырлар Ысык-Көл деген сулуу кыздын махабаты үчүн күрөшүшкөн. Аларды токтотууга аракет кылган Ысык-Көл баатырлардын ортолоруна чуркап келип, күтүүсүздөн көгүлтүр көлгө айланып калган... Салгылашууга күбө болгондордун үрөйү учуп, Ысык-Көлдүн түндүк жана түштүк жээктери менен чектешкен тоо кыркаларына бурулган бойдон катып калышат. Ал эми баатырлар шамалга айланган: Улан менен Санташ – көлдөгү негизги шамалдар, алар бүгүнкү күнгө чейин сулуу Ысык-Көлдүн жүрөгү үчүн атаандашуусун токтотпой келишет...


Чөгүп кеткен шаарлар тууралуу уламыштар

Көл түбүндөгү чөгүп кеткен шаарлар, катылган байлыктар тууралуу уламыштар көп. Окуялардын көбү реалдуу фактыларга негизделген. Ысык-Көлдүн жээгиндеги байыркы калктуу конуштардын урандылары тууралуу илгертен эле белгилүү. Ондон ашыгы суу астында, 100гө жакыны кургакта. 

Анткен менен өткөн кылымдардагы олуттуу булактардын бири да алардын жаралуу жана жок болуу тарыхын түшүндүрө алган эмес. Көптөгөн уламыштар, кытай жана араб жылнаамалары Ысык-Көлдүн толкунунда жоголуп кеткен байыркы цивилизациялар болгондугун тастыктайт.

Орто кылымдагы араб географы Гардизи көлдүн түштүк жээгиндеги Барсхан (Барскоон) байыркы шаары жөнүндө төмөндөгү уламышка таянуу менен айтып кеткен. Александр Македонский, биздин доорго чейин 334-329-жылдары Перс державасын басып алгандан кийин мүмкүн болгон көтөрүлүштөрдү болтурбоо үчүн тектүү үй-бүлө мүчөлөрүн барымтага алган. Кытай менен Индияга каршы жортуулга чыкканында, аларды өзү менен кошо ээрчитип алган, бирок катаал шартка кабылганда перстерди Ысык-Көлдүн жээгине таштап кетүүгө аргасыз болгон. Перс ак сөөктөрүнүн балдары үйлөрүнө кайтуудан үмүттөрүн үзүшүп, ал жерге өздөрүнө ылайык шаарча курушуп, аймакка Барсхан деген ат коюшкан. Көп өтпөй шаардын бир бөлүгү суу астына чөгүп, экинчи бөлүгү көлдүн бийик түздүгүндө сакталып калган.


Махмуд Кашгари

Бул шаарда орто кылымдын көрүнүктүү окумуштуусу Махмуд Кашгари туулган. Анын атактуу “Дивани лугат ат-түрк” ("Түрк сөздөрүнүн жыйнагы") аттуу китеби энциклопедия болуп саналат, анда тарыхый, маданий, этнографиялык жана лингвистикалык материалдар кеңири чогултулуп, жалпыланып жазылган. «Дивани» аль-Кашгари – түрк элдеринин XI кылымдагы этикалык баалуулуктарын жана жүрүм-турум нормаларын, өзгөчө дүйнө таанымын уланткан түрк маданиятынын эстелиги. Анын эң белгилүү эмгектеринин арасында дүйнөнүн картасы бар, ага ылайык Ысык-Көл ааламдын борбору болуп саналат.


(Уландысы кийинки санда)  

"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер