Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Марат Токоев: “Сөз эркиндигин урматтаган өлкөлөрдө журналисттерге карата терс көрүнүштөр болбойт”

Марат Токоев: “Сөз эркиндигин урматтаган өлкөлөрдө журналисттерге карата терс көрүнүштөр болбойт”

06-май, 11:50
549 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

-- Журналисттерге карата каршылыктар көбөйүүдө, мисалы, мамлекеттик кызматкерлер, эл өкүлдөрү тараптан агрессиялык учурлар акыркы кездери арбып бараткандай. Мунун себептери катары эмнелерди белгилейсиз?

-- Бул жерде эки себеп бар. Биринчиден, мыйзамды, анын ичинде сөз эркиндигин урматтаган өлкөлөрдө журналисттерге карата терс көрүнүштөр болбойт. Журналисттердин суроолорун жоопсуз калтырып, теңине албаган учурлар биздеги мыйзамдын иштебегенинен улам болуп атат. Экинчи себеби болсо, мамлекет башындагы адамдардын журналисттерге болгон мамилеси. Аны көргөн кийинки рангдагы аткаминерлер да өз кадамдарын ошого жараша тууралашат. Негизи эле өлкөнүн биринчи адамдарынын журналисттерге көңүл кош мамилеси, аларга карата коркутуулар болгон кезде өздөрү күнөөлүү деген сыяктуу сындоолор ушундай абалга алып келүүдө. 

-- Журналист өз укугун коргоп, милдеттерин так аткарыш үчүн эмнелерге көңүл бурушу керек дейсиз?

-- Биринчи кезекте журналисттер өздөрү дагы эч кандай себеп бербеши керек. Мыйзамдарды жакшы билиши шарт. Ошондой эле кыргыз журналисттери өз укуктарын канчалык деңгээлде билет?” деген чоң маселе бар. Майда-барат жагына келгенде, көп такалышат. Журналисттер өз ишмердүүлүгүнө байланыштуу соттошкулары да келбейт. Эгерде кандайдыр бир кысымдар, маалымат берүүдөн баш тарткандар болгон учурда коомдук пикир жаратуу кадамдарына барбаса, анда терс мамилелер улана бериши мүмкүн. Журналисттер өз укугун коргоого аракет кылышы керек. Анан дагы өз милдеттерине көбүрөөк көңүл бөлсө жакшы болот эле. Айрымдары этикалык кодекстерде жазылган нерселерди этибарга албаган үчүн да элдеги кыжырданууну, ишенбестикти пайда кылышууда


Мээрим Асанова 

"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер