Үйүбүздүн көркү тун келиним эле, бирок бактыбыз көпкө узабады…


Келинимди сагынган сайын көлгө барам. Таң эрте туруп эч кимге айтпай кетип калам. Жээгинде отуруп алып, аны менен өткөргөн күндөрдү эстейм. Кыздарымдан дагы башкача жакшы көрөм. Азыр мага ал кадимкидей жетишпей жатат.
Тун уулубузду үйлөнтүүгө барыбыз даярданып, толкунданып алганбыз. Мен келинимдин башына жоолук салып жатканымды эстесем калтырап чыгам. Ананчы, биринчи ирет кайнене болгону жатсам. Кызым «айылга жакындап калышыптыр» десе, буту күйгөн тооктой ары-бери чуркайм. Машинанын үнү угулганда эсимди жоготуп коё жаздадым.
Бул бакыт кандай керемет экенин мага келиним көрсөттү. Экөөбүз божурашып иш кылабыз, чогуу чай ичебиз, бирге тойлорго барабыз. Мен ансыз эч жакка баспай калдым. Ал жок болсо кадимкидей чүнчүп, куса болуп кетет элем. Баламды деле унутуп калдым. Мага келиним болсо болду эле…
«Апа, чай ичесизби?» деген үн менен ойгонуу кандай керемет! Базаргабы, жакшылыктарга барамбы, келиниме деп жактырган таттууларын алам. Үйгө келип, «эч кимге көрсөтпөй же, тиги талашат» деп өз баламдан кызганып, бекитип берем (күлүп).
«Келиниңе ушундай мамиле кыласыңбы? Катуу карма!» дегендер толтура болду. Катуу кармап эмне жакшылык көрмөк элем? Мага анын бактылуу болуп жүрүшү маанилүү эле. Үйүбүздүн көркү ошол келиним болду. Бирок, бактыбыз көпкө узабады…
Эки балалуу болушкандан кийин келиним оорудан каза тапты. Суук кабар айылга келгенде, аны менен кошо өлүп калгым келди. Анте албадым, балдарым, жолдошум, неберелерим үчүн турушум керек болду. Уулум «апа, мен кантип жашайм?» деп ыйлады. Мен ичимден “кантип дем алам?” деп ыйладым.
Андан бери жылдар өттү. Неберелерим бой жетип, өз жолдору менен кетишти. Уулум үйлөндү. А мен келинимди, анын кылган жакшылыктарын унута албадым. «Апо-оу» деп шаардан келген жүзүн сагындым. Азыр күйөө балдарым, келиндерим толтура. Бирок, тун келинимдин ордун эч ким баса албады. Жок, жаман ойлобогула, башкаларын деле жакшы көрөм... Бирок...











