Акыркы кабарлар
» Коом » Жети миллионго жакындадыкпы?
Жети миллионго жакындадыкпы?
19-апрель, 17:10


Улуттук статистика комитетинде эл каттоо жараяны аяктады. Маалым болгондой, өлкө боюнча жалпы 6 млн. 637 миң жаран бар делип катталган. Анын ичинен 34 пайызы шаар жерин, 66 пайызы айыл жерин турактайт. Жалпы калктын 35 пайызын балдар, 57 пайызын орто курактагы адамдар, 8 пайызын карылар түзөт.
Ошондой эле Кыргызстанда 100гө жакын улут жашаары белгилүү болгон. Анын 4 млн. 896 миңи (73,8%ы) — кыргыздар, 985 миңи (14,9%ы) — өзбектер, 341 миңи (341 миңи) — орустар, калганы — башка улуттар.
Мындан башка да маалыматтар менен Улуттук статистика комитетинин расмий сайтынан таанышсаңыз болот.











