Сары жалбырактар сампарлай баштады
Сентябрь. Жаңыдан күз. Кыялдардын жана жаңы идеялардын мезгили. А балким, күздүн эң жакшы айы сентябрь. Ал мээримдүү, күнөстүү, жылуу. Акырындык менен байкалбастан суук келген ай. Сентябрдын башталышы бизди өзүнүн ачык түстөрү менен кубандырат: кызыл, сары, кызгылт-сары. Ошентип, сентябрь тууралуу кыска цитаталар сизге да жагат. Алар абдан түстүү жана таасирдүү.
Сентябрь. Чарчаган жылмаюу. Бозоргон күн жана кайгылуу таң, таттуу эс алуу.
***
Мени кусалуу сентябрь бүткөндө ойготкула...
***
Эң жакшы ай сентябрь. Келечекке үмүттөр жанданат. Катуу ысыктан кийин кайрадан ишке киришүү.
***
Сентябрь... Жайдын уландысы, бирок сары жалбырактар бирин-серин сампарлай баштайт.
***
Сентябрдын келиши менен жамгырдын нымдуу күмүш тамчысы себелейт.
***
Күз – бүт өлкөнү алтынга чүмбөттөйт.
***
Күзгү бак жазды күткөндөй уктайт.
"Азия Ньюс" гезити