Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Эжем экөөбүздүн тагдырыбыз атамдын айынан талкаланды

Эжем экөөбүздүн тагдырыбыз атамдын айынан талкаланды

07-январь, 11:09
1 986 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Башында баары жакшы болчу. Ата-энем бизди татыктуу жашоодо чоңойтушту. Эки эжем турмушка чыгып, куда-сөөк күтүштү. Мен ал кезде 5-класста, иним мектеп босогосун жаңы аттаган. Үйүбүз дайыма шаңга толуп турчу.

Мен чоңойгон сайын атамдын ичкилиги көбөйө баштады. Апам экөө улам урушуп, үйдө тынчтык азайды.

-- Ичкиликти таштаңыз, ден соолугуңузга караңыз, - деп сурандым. 

Атам башын ийкеп, чекемден өөп узатты. Анын сөзүнө ишенгем...

Бир күнү апам телефонго жооп бербей койду. Эртең менен эжем ыйлап чалып:

-- Атам апамды сабап, ооруканага түшүрдү, - деди.

Дароо айылга жөнөдүм. Атам күнөөлүү экенин моюнуна алып, бизден кечирим сурады. Бирок убакыт өтүп, баягы эле адаты кайталанды. Апам мага сыр билдирбей “баары жакшы” деп жүрүптүр. Чынында болсо, атамдын ичкилиги үй-бүлөбүздү кыйратып бүтүптүр.

Эжемдин тагдыры да атамдын айынан талкаланды. Аны “алкаштын кызы” деп кемсинтишкенде, күйөөсүнөн ажырашып кетти. Бул окуядан кийин гана атамдын чындап аракка берилип калганын моюнума алдым.

Жайында үйгө барсам, атам биздин бар-жогубузга кайыл болуп, эртең менен кетип, түндө мас болуп келчү. Аны менен сүйлөшүүгө аракет кылдык, бирок бизди укту да, көңүл бурган жок. Качан гана ага “арагыңды же бизди танда” десем, кайнак суу куюлган чайнекти алып, мага ыргытты. Кокустан эжеме тийип, анын саны катуу күйүп калды. Ошондо атамдан такыр көңүлүм калды.

Акыры, окуудан да чыгып калдым. Анткени айылга каттаган сайын сабактан кала бердим. Азыр жарыбаган айлыкка иштеп, апам менен иниме азык-түлүк жөнөтөм. Атам болсо баарын менин милдетимдей көрүп, бир тыйын да чыгарбайт...


Нурия

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер