Юруслан Тойчубеков миллиард доллар инвестиция алып келеби?
Юруслан Тойчубеков 80-жылдары ВЛКСМ БКда инструктор, Кыргызстан комсомолунун секретары кызматтарында коомчулукка күчтүү идеолог катары таанылган. Москвадагы кино институтунун жогорку курсунун угуучусу, Кыргызстан кинематографисттер союзунун секретары, “Шайтандын эн тамгасы” көркөм фильминин сценаристи жана продюсери. Эл аралык “Манас-Ата” коомунун президенти, Кыргыз-швейцарь “Адил” банкынын президенти жана кыргыздын алгачкы көрүнүктүү бизнесмендеринин бири.
Аскар Акаевдин убагында көп жыл адилетсиз бийликке каршы турган күчтүү оппозиционер депутат болгон. Өмүрбек Текебаев, Адахан Мадумаров, ыраматылык Дооронбек Садырбаев, Сатыбалды Жээнбеков өңдүү оппозициячыл депутаттардан айырмаланып, экономика, каржы, бизнести мыкты билген адис катары аргумент, далилдер менен бийликти “шылып” турчу.
Баткен облусунун губернаторунун биринчи орун басары кезинде Кыргызстандын эгемендигин коргоодо губернатор Мамат Айбалаев экөө каармандык менен эл эсинде калган. Каржы рыногун көзөмөлдөө агенттигин башкарып, билимдүү, деңгээли бийик өкмөт мүчөсү катары таанылган. Ушундай чыгаан ишмер 2015-жылы болбогон бир “эшек чуусу” менен айыпталып, элге жаман көрүндү. Чындыгында окуя кандай болгон?
Тойчубековдорго таандык сарайды арендага алышкан ишкерлер Кытай менен келишим түзүп, эшек эттерин, терилерин чет өлкөгө жөнөтмөк болушат. Аңгыча чуу чыгып, 20 чакты эшек эти конфискацияланып жок кылынат. Демек, эшек эттери элге таратылган эмес. Антүүгө негиз да жок болчу. Эшек эти көп өлкөлөрдө, мисалы, Италияда деликатес болсо, Кытайда килограммы биздин миң сомдон ашык турат. Андыктан 20 чакты эшектин этинен 80 миң сом табуу үчүн бир топ киши жабылып, чоң чырга бармак эмес.
Демек, бул окуя саясый оппоненттеринин, ошол учурдагы бийликтин кыргыздын элге барктуу ишмери Тойчубековду коомчулукка жек көрсөтүү аракети болгон. Себеби, Юруслан Жуман уулу “Талас алтын” элдик демилге тобун уюштуруп, Таластагы Жерүй кенин эл жабылып иштетүү маселесин көтөрүп, чоң саясый ишти кызуу баштаган. Мындай ыкма дүйнөнүн өнүккөн өлкөлөрүндө бар. Тойчубеков баштаган андай элдик демилге ишке ашса, кыргыз жеринин кен байлыктарына марып атышкан көптөгөн бийлик мыкчыгерлери куржалак калышмак. Ошон үчүн болбогон окуяны дуулдатышып, элдик ишмерди мокочо көрсөтүүгө далбасташкан. Натыйжада мамлекеттик кубаттуу машинанын уу-дуусуна коомчулуктун көбү ишенген.
Бул маселе боюнча кылмыш ишин козгой алышпай, лотерея боюнча аны уюштурушкан түрк ишкерлерине салыкты убагында төлөбөгөндүгү үчүн айып тагылып, ал Тойчубековго да капшабы тийген. Ал ден соолугуна байланыштуу дарылануу үчүн чет өлкөгө кетүүгө аргасыз болгон. Экономика, каржы, бизнес маселелерин чаккан, эл аралык аренада жүргөн ишмер мегаполистерде ири долбоорлорду даярдап, дүйнөлүк чоң компаниялар менен иштешкен. Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) эксперттик улук даражасына татыган. Көп жылдык түйшүктүү аракеттеринин акыбети кайтып, эми эл аралык ири консерциум Кыргызстанга бир нече миллиард долларлык инвестиция жасоо ниетин билдирип, бул кубанычтуу кабар тууралуу маалымат тараса чыныгы окуядан кабарсыз айрымдар терс пикир билдиргенинен түшүндүрмө бермекчибиз.
Биринчиден, мыйзамдык негизде Тойчубеков “элге эшек этин жегизген” деп күнөөлөнгөн эмес. Экинчиден, БУУнун эксперттигин кыргыз бийлиги бербейт, эл аралык эң абройлуу уюм экономикалык жактан толук негизделген долбоорлорду гана таанып, анын авторуна эксперттик даража ыйгарат. Үчүнчүдөн, ички дүң продукциясынын (ВВП) жарымынан ашык карызы бар биздикиндей өлкөгө эл аралык банк бир нече эмес, бир миллиард доллар да карыз бербейт. Тойчубековго окшогон эл аралык экономика тармагын терең билген чыгаан финансист гана жолун, эсебин таап, өлкөгө зор пайда апкелүүчү андай кылымдык ири долбоорду ишке ашырышы мүмкүн. Андыктан жабыла кубанып, ийилип ыраазылык гана билдириш керек.
Тойчубеков мыкты финансист-бизнесмен катары ак эмгек, адал мээнет менен жашап, элге, өлкөгө олуттуу кызмат кылган көрүнүктүү инсан. Муну республиканын коррупцияга каршы агенттигинин комиссарынын мурдагы орун басары катары жоопкерчилик менен билдирем.
Аскар Бакеев, эл аралык “Манас-Ата” коомунун президенти
"Азия Ньюс" гезити