Болот Темиров менен Лейла Саралаевага “укурук” салынары каңкууланууда

Кыргызстанда бийликти курч мааниде сындаган саясатчы же журналист деле калбай калды. Качкандар качышты, айрымдары камалышты. Мурдагыдай акаарат келтирмей, көзгө сая ачуу пикир айтмай жок. Чет өлкөдөн Болот Темиров менен Лейла Саралаева гана үн катууда. Бишкекте болушса унчуга алышмак эмес. Айрым билермандардын баамында, бийликтин “укуругу” аларга да ыргытылары каңкууланууда. Заманга жараша мамлекеттин колу баардык тараптарга жетип калбадыбы. Кийинки кезекте Болот Темиров менен Лейла Саралаеваны бир жаңсыл кылуу, бийликке карата сын-пикир жазууну токтотуу ишарасы көрүлөрү болжонууда. Тымызын операция аркылуу алектенүүлөр башталдыбы? Атайын органдар иштеп аткандыр. Кандай таризде тындым кылышат болду экен? Кармап келишеби же? Кыскасы, саясый тар чөйрөдө талкууга алына баштады...
"Азия Ньюс" гезити