Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Картаң саясатчыга жаштыгымды бергениме өкүнөм... Эми кантем?

Картаң саясатчыга жаштыгымды бергениме өкүнөм... Эми кантем?

15-сентябрь, 16:29
1 462 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Журналисттик кесипти аркалагандан бери көп эле тажрыйба топтодум. Өзгөчө эркектердин башын айландырам. Өңдүү-түстүү болгонум үчүн азыр да кызыккандар толтура. Жашым кыркка жакындап калды. 

Бирок, өкүнгөн жайым бар. Бир топ жылдан бери картаң саясатчы менен жылуу мамиле кылып келем. Чөйрөбүздөгүлөр шекшип да калышкан. Атайын кызматтар дагы билип алышканына таңгалам. Эл көзүнө коркпогондой түр көрсөтөм. Бул киши белгилүү болгондуктан этият мамиле кылам...

Менин жашоомдо дагы бир жаш жигит пайда болду. Аны азгырып, өзүмдү алаксытып жүрөм. Төрөгүм келет. Бирок тиги “карт карышкырдан” айбыгам. Укса жаман кылат. Ошентип, жашым өткүчө төрөм алууну пландап, ишке ашыруум керек. Же боюма бүтүрүп алган соң, Казакстанга иштемиш болуп кетип, жаш жигиттен төрөп келсемби? Азыр кимдин-ким менен иши болмок эле? Ар ким өзүнүн бактысы үчүн күрөшкөн заман да...

Атын жазууну каалабаган журналист айым

Aryba.kg
Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер