Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » “Жапаров менен Ташиев мамлекеттин коргонуусун чыңдады. Тажиктер чатак баштаса адекваттуу жооп алышат!”

“Жапаров менен Ташиев мамлекеттин коргонуусун чыңдады. Тажиктер чатак баштаса адекваттуу жооп алышат!”

15-май, 22:23
829 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

“Кыргыз-тажик чек арасынын чечилүүсү, сүйлөшүү жолдору создугуп баратат. Бул боюнча кандай ой-пикир айта аласыз? Эки тараптын тил табышуусу болобу? Кайрадан чатак чыкпайбы?” деген собол таштадык.

Артур Медетбеков, коомдук ишмер:

-- Кыргыз-тажик чек ара маселеси абдан татаал кырдаалга айланып баратат. Себеби, аныктоо, тактоодо көп кыйынчылыктар жаралууда. Ар кандай жолугушуулар болуп, губернатор, вице-премьерлер сүйлөшүп бүткөндөн кийин эле кайра чатак чыгып кетип атканы бизди түкшүмөл кылууда. Бүгүнкү күндө биз жактан да, ал жактан дагы көмүскө тирешүүлөр бар. Ошондон улам эки тараптын аскер техникалары чек ара жакка ыктап аткандары баарыбызга маалым. Бул маселе тынчтык жолу, дипломатия менен гана чечилиши керек. Өткөндө Россиянын президенти “биз дагы сиздерге жардам кылып, карталарды карап көрөлү” дегендей кылды эле, андан бери бир топ убакыт өтүп кетти. Ал ортодо жазгы талаа иштери башталды. Жер, суу маселеси ж.б. эки элдин ортосунда билинип-билинбеген чыңалуулар жок эмес. Кандай болгон күндө да “чатак чыкпайт” деп эч ким кепилдик бере албайт. Андыктан биздин бийлик төбөлдөрү эки кадам алдыга, бир кадам артка болсо да чек ара маселелерин өтө кылдаттыкта карап, мейли кээ бир чектеш аймактарга зым тартып болсо да эртерээк чечүүнүн жолдорун изденсе дейт элем.

Исмаил Исаков, “Азаттык” партиясынын төрагасы, генерал:

-- “Сүйлөшүү жолдору создугуп баратат” дегенге кошулбайт элем. Себеби, чек ара маселесин делимитация жана демаркация кылууда мөөнөт болбойт, анын жыйынтыгы чек арадагы аймактын өзгөрүүсүнө алып келгендиктен, бул маселеге өтө кылдат мамиле кылып, ар тараптан изилдеп, улуттун кызыкчылыгын коргоо менен юридикалык документтерге таянып, шашпай иш алып баруу зарыл. Экинчи жагынан, маселенин тез же кеч чечилиши бир эле биз тараптан эмес, тажик тараптын позициясынан дагы көз каранды. Ошондуктан, бул убакытты талап кыла турган маселе.

Канчалаган адамдардын өмүрүн алып, имараттарды, жарандардын үйлөрүн кыйроого учуратып, элди жана мамлекетти эбегейсиз чоң зыянга кептеген эки жолку конфликттен кийин тараптар сабак алышып, мындан кийин андай чатакка жол бербей, маселени чечүүнү тездетишет деген ойдомун. Маселени тез жана чатагы жок чечүү үчүн мыйзамдаштырылган эл аралык келишимдер бар. Алар: союз тарагандан кийинки Минск, Алма-Ата, Москва декларациялары жана 1996-жылкы эки тараптуу келишим. Баардык келишимдер өлкөлөрдүн парламенттери аркылуу ратификациядан өтүп, президенттер тараптан кол коюлган. Мына ушул ратификацияланган эл аралык келишимдер жана адамдардын өмүрүн алган “конфликт сабактары” чек араны чыры жок чечүүгө жана эки тарапты тил табыштыра турган негизги документтер жана маанилүү аргументтер болуп эсептелинет. Мындан артык тил табыштыра турган негиздер жана аргументтер тараптар үчүн жок, болбойт дагы!

Менин маалыматыма караганда, азыркы учурда сүйлөшүү процесси мыйзамдаштырылган эл аралык келишимдердин алкагында мурункуга салыштырмалуу кыйла жакшы деңгээлде жүрүп жатат. Бул чоң жылыш. Андан башка, президент Садыр Жапаров менен Камчыбек Ташиев мамлекеттин коргонуу жөндөмдүүлүгүн чыңоодо алгылыктуу иштерди жасашып, куралдуу күчтөргө жана чек ара кызматына заманбап аскер техникаларды жана куралдарды сатып алуу менен алардын күжүрмөн даярдыктарын бир нече тепкич өйдө жогорулатканга жетишишти. Бул дагы кубанарлык иш. Бирок, аткарылган жана аткарылып жаткан алгылыктуу иштер аймактын бүтүндүгүн сактап, улуттун коопсуздугун толук кандуу камсыз кылат деген ойдон алыс болушубуз абзел. “Кайрадан чатак чыкпайт” деп өзүбүздү сооротпошубуз керек. Азыркы багытта жүрүп жаткан сүйлөшүү процесстерин улантуу менен чатактарга жол бербей, аймактын бүтүндүгүн сактап, улуттун коопсуздугун камсыз кылууда дагы көп иштерди аткаруу зарыл. Мисалы, куралдуу күчтөрдү жана күч органдарын талапка ылайык, орус–украин согушунун сабагынын негизинде реформалоо, территорияны коргоо күчтөрүн жаңыдан түзүү менен аларды материалдык-техникалык жактан камсыздоо, логистика борборлорун түзүү, мобилизациялык ресурстарды кайрадан карап чыгуу жана аларды даярдоо маселелерин жөнгө салуу, кадрларды туура тандоо жана алардын профессионалдык деңгээлдерин бүгүнкү талаптын стандартына ылайык жогорулатуу ж.б. Ошону менен бирге мыйзамдарга кошумчаларды жана өзгөртүүлөрдү киргизүү... Кыскасы, тынчтыкта жашоону кааласак, анда биз согушка даярданышыбыз керек. Бекеринен кылымдар бою “хочешь мира, готовься к войне” деп айтышкан эмес. Ошондо гана чек ара маселеси чечилет, чатакка жол берилбейт. Чатак чыккан күндө дагы алар адекваттуу жообун алышат, өткөн каталар кайталанбайт. 

Сатыбек Молдалиев, Баткен согушунун жоокерлеринин республика боюнча ардагерлер уюмунун төрагасы, запастагы полковник:

-- Кыргыз-тажик чек арасындагы маселе биздин эгемен алгандагы тунгуч президент менен өкмөт башчыларынан калган чыйкан. Ошол убакта эле бир жаңсыл кылып, абдан ыңгайлуу шартта чечип койсо болмок. Ал кезде тажик мамлекети граждандык согуштан чарчап, коңшу өлкөлөргө күнү түшүп турган эле. Жадагалса президенти Рахмон Бишкекке келип, Акаев менен жолугуп, эки иштен бир иш кылып чек араны делимитация, демаркация маселесин биздин президенттин айтканындай кылууга даяр болуп калган. Бирок биздикилер бул мүмкүнчүлүктү пайдаланышкан эмес. Башка маселелерге өтүп кетишкен. Айтмакчы, Баткен тараптагы кыргыз-тажик чек аралары көп кырдуу: суунун жээги, ойлор менен, тоонун кыры жана талаа-түздү бойлой өтүп турат. Албетте, кыргыздын басымдуу жерлери тоолор. Демек, тоо бар жерде суу бар, аягы түптүз талаа. Биз ал жерлерде кандай маселелер жаралып жатканын беш колдой билебиз. Бүгүнкү күндө эки өлкө бийлигинин ортосунда жакшы сөздөр болбой атат. Тажиктер олку-солку болуп, сөздөрүнө турбаган немелер экен. Менимче, бул маселе Рахмондун ордуна бийликке башка президент келгенде, кыргызды бир тууганындай көргөн адам гана чечсе керек (!) деп ойлойм. 


Сурат Жылкычиев 
"Азия Ньюс" гезити
Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер