Акыркы кабарлар
» Экономика » Улуттук банктын төрагасы Толкунбек Абдыгулов отставкага кетеби?
Улуттук банктын төрагасы Толкунбек Абдыгулов отставкага кетеби?
28-сентябрь, 12:01
1 801 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌Массалык маалымат каражаттары Улуттук банктын төрагасы Толкунбек Абдыгуловдуотставкага кеткендигин жазышууда. Бул боюнча “Супер кж” порталы президенттин администрациясына байланышканда, отставкага кетирүү маселесин Жогорку Кеңеш кабыл аларын билдиришкен.
“Бул маселени Жогорку Кеңеш кабыл алат. Бизге тийешеси жок” деп билдиришти администрациядан.
Буга чейин аталган банктын басма сөз кызматына байланышканыбызда, маалыматты четке кагышкан.
Белгилей кетсек, Улуттук банк жөнүндөгү мыйзамга ылайык, төрага жеке арызы боюнча отставкага кете алат, бирок анын отставкасы Жогорку Кеңеш тарабынан кабыл алынат, бул тууралуу парламенттин отурумуна чейин алдын ала билдирилүүгө тийиш.