Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » “Биримдик” партиясы нарындыктардын колдоосуна ээ болду

“Биримдик” партиясы нарындыктардын колдоосуна ээ болду

12-сентябрь, 20:28
2 876 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Шайлоо ѳнѳктүгүнүн алкагындагы «Биримдик» демократиялык социализм – Евразиялык тандоо» партиясынын лидерлери менен талапкерлери катышкан үгүт кербени бүгүн Нарын жергесинде шайлоочулар менен жолугушту. 

Партиянын төрагасынын орун басары Төрөбай Зулпукаров жолугушууну ачып жатып төмөнкүлөрдү айтты: “Өлкөдө ар кандай сырткы күчтөрдүн кызыкчылыгына иштеген топтор бар. Максаты Кыргызстанда башаламандык жаратып, көз карандысыздыгыбызга доо кетирүү. Өкүнүчтүүсү, алардын айрымдары учурунда жогорку кызматта иштеп, элдин эсебинен байышкандар. Ошолор азыр туруп алып мамлекетибиздин азыркы абалына сын айтышууда. Алар бийликте турганда, Акылбек Жамангулов, Улан Бакасов, Улукбек Кочкоров, Аида Касымалиевалар мектеп курагындагы балдар элек. Бүгүн мекендин жүгүн кѳтѳрүү милдети биздин мойнубузга жүктөлдү. Биз алардын катасын кайталабай, кетирген кемчиликтерин оңдоп жатабыз. Бийлик менен элдин ортосундагы ажырымды бириктирип, бийликке болгон элдин ишенимин кайтарууга далалат кылуудабыз. Биз алардын жүзүн ачып, ким экенин аныктап бердик. Мекенди сүйүү ыймандан. Мен Ноокаттыкмын. Бирок, мен Ноокатты кандай сүйсөм, Нарынды, Ысык-Кѳлдү ошондой сүйөм. Мен өлкөмдү бирдей сүйөм. Сен кандай жакшы иштерди жасаба, бирок мекенди сүйбөсөң жасаган жакшы иштериңдин пайдасы жок. Биздин катарыбызды мекенди сүйгөн, сөз эмес иш жүзүндө ак кызмат кылган, патриот, таза, идеяга бай жаштар толуктады. Биздин күчүбүз ушунда. Биздин күчүбүз биримдикте!”

Андан соң талапкерлердин тизмесин баштап бара жаткан Акылбек Жамангулов сөз алып, Нарын элинде эл баккан инсандар аз эмес экенине, Турдакун Усубалиевдин жолун улаган инсандар азыр да алгылыктуу эмгектенип жатканына токтолду. Мамлекеттик башкарууга өзгөрүүлөрдү алып келип, кызматта иштегендердин сапаттык курамын жакшыртуу партиянын башкы максаттарынын бири экенине токтолду. 

“Саясатта, экономикада, бизнесте ийгилик жараткан жаштарыбыздын күчү менен Нарын жергесин туризм жана айыл чарбачылыгы боюнча алдыңкы аймакка  айландырууну максат кылдык”, - деген Акылбек Жамангулов шайлоочуларды 4-октябрда партиянын курамына, программасына, идеологиясына карап баа берүүгө чакырып, биримдикте, ынтымакта гана баардык кыйынчылыктарды жеңебиз”, - деп сөзүн жыйынтыктады.

Партиянын дагы талапкери, ЖКнын вице-спикери Аида Касымалиева шайлоочуларга кайрылып, “Урматтуу мекендештер, талапкерлердин үгүт кербени бүгүн Нарын жергесинде. Элге сөз менен эмес, жасаган иши менен көрүнгөн, ак эмгеги менен бутка туруп, кара жанын эмес калкын баккан азаматтар көп. Алар бүгүн биздин катарыбызга кошулду. Саясый чөйрөдө да муундардын алмашуусу башталды. Демек, бийлик эл менен эсептеше баштады. Бирок, ичи тар, жаман тилек менен жашаган айрым көрө албас, бузукулар ошол таза жаштарды да каралоого өтүштү. Шайлоо маалында айтылган ушак сөздөргө ишенбестен, ар бир талапкердин аткарган ишине маани бериңиздер. Мисалы, пандемиияда эл үчүн жан үрөгөн уулуңуздар Улан Бакасовду да каралоо башталды. Кыргызстан пандемияны башынан өткөрүп жатканда ошолор каякта эле? Алар эмнеге ошондо  эл алдына келишкен жок? Алар бул суроого жооп бере алышпайт. Себеби, аларда башка кызыкчылык бар. Көмүскөдө отуруп адамды каралоо алсыздардын иши”,  – деди. 

Улукбек Кочкоров “Биримдик” партиясынын программасында камтылган  социалдык көйгөйлөрдү чечүү жолдорун түшүндүрүп берди. “Ѳлкѳнүн социалдык чѳйрѳдѳгү эң маанилүү улуттук кызыкчылыгы -- калктын жашоосунун жогорку деңгээлин жана сапатын камсыз кылуу. Биз бул жаатта реалдуу, жүзөгө ашырууга мүмкүн болгон программаны иштеп чыктык жана аны силерге сунуштап жатабыз. Биздин максат -- ар бир жарандын турмуш-шартын жакшыртуу жана анын келечегине кам көрүү”. Ошону менен бирге ал социалдык ѳнүктүрүү министри болуп турганда аткарган иштери боюнча маалымат берди. Бүгүн калктын аярлуу катмарын социалдык жактан коргоо саясатында кемчиликтер бардыгын белгилеген У.Кочкоров “Биримдик” партиясынын программасынын ѳзѳгүн ѳлкѳдѳгү жарандардын социалдык теңдигин камсыз кылуу, адилеттүү социалдык саясатты жүзѳгѳ ашыруу түзѳрүн баса белгиледи. 

“Теӊир – Тоодо карапайым үй-бүлөдө чоӊойдум. Атам жер адиси, апам болсо дарыгер болуп элге ак кызматын кылышты. Менин изги максатым: элге зыянымды тийгизбей, ак эмгегим менен өлкөнүн өнүгүшүнө зор салым кошуп, элдин мекенчил, үлгүлүү уулу болуу. Мен бул аруу тилек, максатыма жетүү үчүн кадам таштаганыма көп болду. Буга чейин элибизге аздыр-көптүр жардам берип, коомчулуктагы ар кыл көйгөлөрдү чечкенге аракет кылдым. Бирок бул жасаган иштерим жетишсиз. Мени бул шайлоодо көптөгөн партиялар чакырышты. Бирок мен бир гана “Биримдик”  партиясын тандадым! Себеби, бул партиянын программасы, күчтүүлөр топтолгон курамы мени өзүнө тартты. Биздин партиянын программасы реалдуу гана иштерге негизделген. Кудай буйруп, сиздер колдоп, шайлап берсеӊиздер мен дагы Жогорку Кеӊештин депутаты катары өлкөбүздүн өнүгүүсүнө өбөлгө түзө турган мыкты мыйзамдарды жазып, көкөй кестиге айланган көптөгөн көйгөйлөрдү чечкенге аракет кылам. Бул үчүн билимим да, тажрыйбам да жетиштүү!  Биздин коомдогу жаман бир өнөкөттү айтпасам болбос. Тилекке каршы, эл үчүн жасаган ар бир ишиңди саясатка айлантып, кыйкым издегендер да четтен чыгат экен. Менин буга чейин жасаган кайрымдуулук иштеримдин   баарысы саясат, же кандайдыр бир упай топтоо үчүн эмес, бир гана Жараткандын жана элимдин ыраазычылыгы үчүн болду. Андыктан биздин жасаган кайрымдуулук иштерибизди шайлоого же башка дагы бир жеке кызыкчылыктарга  байлоо – бул жеткен акылсыздык. Биз кайрымдуулук иштерибизди шайлоого чейин эле, жеке эле Нарын элине эмес жалпы кыргызстандыктарга жасап келгенбиз жана мындан ары да улантабыз. Бул менин Ата-Журтумдун алдындагы атуулдук милдетим! 

Ар бирибиздин жүрөгүбүздө, аӊ-сезимибизде: “Мамлекет мага эмне кылып койду?” – дебестен, “Мен мамлекетке эмне иш кыла алдым?” – деген таамай айтылган суроо ар дайым жашашы керек. Ал канаттуу сөздү акылыбызга жөн гана уютуп койбостон, адал эмгегибиз менен ишке ашырып, мамлекетибиздин өнүгүшүнө ар бирибиз салым кошолу. Ошондо гана өлкөбүздүн өсүшү бийик, чабыты кенен болот, - деди Улан Бакасов.

Жолугушууга Нарын элинин атынан “Биримдик” партиясы менен шайлоого аттанып жаткан Калыкбек Султанов, Абтандил Кулбараков, Ишенбек Медетовдор да катышты. 

Нарын районунун аксакалдар кеңешинин төрагасы Алтымыш Мамбетисаев шайлоо алдында карапайым элге келип, “Биримдик” партиясынын программасы, идеологиясы менен кеңири тааныштырып, көзмө-көз пикир алышып жаткандыгы үчүн талапкерлерге ыраазылык билдирип, теңиртоолуктрды “Биримдик” партиясына добуш берүүгө үндөдү. Нарын жаштарынын атынан Нурай Шамшыбекова сөз алып, Нарын жаштарынын тандоосу “Биримдик” партиясы экендигин билдирди. Жолугушуунун жыйынтыгында Теңир-Тоо жергесинин   ардактуу аксакалы, Кыргыз Республикасынын өнөр жайына эмгек сиңирген ишмер  Баймоңолов Жеңиш ата ак батасын берип, катышуучулардын коштоосунда “Биримдик” партиясынын гимни жаңырды. 


«Биримдик» (Единство) Демократиялык партиясы» саясый партиясынын шайлоо фондунун эсебинен финансы боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Карагулов Арсен Дайырбекович тарабынан төлөндү.

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер