Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Этти аз жеп, атмосферанын тазалыгына салым кошуңуз!

Этти аз жеп, атмосферанын тазалыгына салым кошуңуз!

09-июль, 09:58
459 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Достор, климаттын өзгөрүшүн ар бирибиз жонтерибиз менен сезип жатабыз. Ага далил катары жайкысын ысык күндөрдүн көбөйүшү, сел каптоолор, суу тартыштыгы, жана кургакчылык. Окумуштуулардын айтымында, адамдын ишмердүүлүгү климаттын өтө тездик менен өзгөрүүсүнө себеп болууда.


Бүгүнкү күндө дүйнө өлкөлөрү күндүн глобалдык ысышын төмөндөтүү максатында эл аралык келишимдерге кол коюп, өздөрүнө милдеттенмелерди алууда. Кыргызстан өз кезегинде климаттын өзгөрүүсүнө байланышкан жана анын кесепеттерине адаптация болуу максатында 18 эл аралык келишимге кол койгон. Алардын бири Париж келишими. Анын максаты глобалдык жылуулукту 2 градустан төмөндөтүү же болбосо 1,5 градуска чейин чектөөгө багытталган. Кыргызстан аталган келишимге 2019-жылы мүчө болгон. 

Мал чарбачылыгы Кыргызстандын экономикасынын олуттуу бөлүгүн ээлейт. Анткени жарандарды эт жана сүт азыктары менен камсыз кылуу максатында жыл сайын уйлардын саны көбөйүүдө. Келгиле, бүгүн уйлардын климатка тийгизген таасирин карап көрөлү. 

Кептин баары уйлардын тамак сиңирүү процессинде, бул учурда алардын ичегисинде метан бөлүнүп чыгат. Ар бир уй жылына 500 литр метан бөлүп чыгарат, бул жылына жүздөгөн литр бензин короткон бир автомашинаны чыгарган парник газына барабар. Биз этти канчалык көп жесек, ошончолук күндүн глобалдык ысышы тездейт. Окумуштуулардын изилдөөлөрүнө ылайык парник газдарынын 24%ы айыл чарбасына, анын ичинен 14%ы мал чарбачылыгына туура келет. Эгер ушул темп менен кете берсек, 2050-жылы парник газдарынын пайда болушунун 50%га жакыны айыл чарбага барабар болору күтүлөт. 

Малдын саны көп болгондуктан, жер жүзүнүн дээрлик 26%ы жайыт катары колдонулуп келет. Ал үчүн миңдеген гектар токойлор жок болуп, кесепетинде жердин, топурактын биоартүрдүүлүгү бузулууда. 

Окумуштуулар бодо малдын жана койдун кызыл эти жүрөк кан тамыр, 2-типтеги кант диабетин козгоп, ашыкча салмактын пайда болушуна алып келерин аныкташкан. Мисалы, иштетилген эт (колбаса, полуфабрикаттар) кант диабетинин 46%ынын себеби, ал эми таза эт жегендер арасында 25% экенин айтышат. Эттеги белокту жаңгактын жана буурчактардын түрлөрүнөн ала алабыз. Бул кант диабетинин 2-тибинен жабыркоону 30%га азайтат.

Албетте, эттен такыр баш тартуу оңой эмес. Бирок рационду карап чыгып, бир жумада бир же эки жолу этсиз күндөрдү уюштурсаңыз болот. Мисалы, глобалдык Meat Free Monday компаниясынын алкагында жуманын биринчи күндөрү эттен баш тартса болот. Бул долбоорду Улуу Британия, Бразилия, Канада, Израиль, Австрия, Бельгия жана башка мамлекеттер алгачкылардан болуп колдогон. Бир адамдын салымы чоң өзгөрүүгө алып келбейт деп ойлошуңуз мүмкүн, бирок андай эмес. Гринпистин изилдөөсүнө ылайык, бир адам бир күнү эт жебей койсо, атмосферага 2,78 килограмм көмүртек кошулбайт. 



БУУ, Гринпис, Гарвард университетинин изилдөөсү, ВОЗ  
"Азия Ньюс" гезити
Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер