Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » “Чындыкты айтсам, күйөөм таштап кетеби?..”

“Чындыкты айтсам, күйөөм таштап кетеби?..”

31-август, 12:10
2 221 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Мен сыртынан караганда бактылуу үй-бүлөлөрдүн катарын толуктап келем. Менде баары бар, бирок бир гана  бала жытына зармын. Өзүм бир үйдүн эрке кызы болчумун. “Тең-теңи менен” дегендей, он жылдай чогуу окуп, сүйлөшүп жүрүп, атамдын досунун уулуна турмушка чыктым. Ал жакка барганда бөлөк үйгө баргандай чочулоо болгон жок. Тартынган да жокмун. Баары мен ойлогондой жакшы башталды жана уланды. Бирок бир гана мени кыйнаганы – балалуу боло албаганым. Эки жылга созулду. Көрүнбөгөн жерим калган жок. Мага балалуу боло албайт деген диагноз коюшту. Күйөөм бир үйдүн жалгыз уулу. Ал да балалуу болуп, тукум улашы керек. Эртели-кеч күйөөмдүн мага болгон сүйүүсү өчүп, жашобуздун бактылуу күндөрүнө чекит коюлат. Жалгыздыктан корком. Жалгыз жашоону да элестете албайм...

Жылдыз
Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер