Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Камила Талиева: “Эл уулу” деп мактабай тургула, алар уурулар...”

Камила Талиева: “Эл уулу” деп мактабай тургула, алар уурулар...”

03-июнь, 23:12
2 461 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

-- “Кумтөр кенине байланышы бар деп камакка алынгандардын негизги максаты эмнеде деп ойлойсуз? Себеби, коомчулукта саясый шоу же саясый куугунтук сыяктуу кабыл алгандар болуп атпайбы...

-- Мен бул камоолорду саясый шоу же куугунтук (!) дегенден алысмын. Кумтөр мафиясынын бети канчадан бери ачылбай келген. Кылым афёрасынын бетин ачууну өзүбүз талап кылып келдик. Азыр деле ошонун бети ачылсын деген ойдо баратабыз. Негизи 2012-жылы мен депутат кезде бул маселеге чекит коюп, улутташтыралы дегенде, 30дан ашуун эле депутат колдоого алган. 

Ал эми саясый лөктөрдүн камалышы боюнча сот болбогондон кийин эч нерсе айта албайм. Баарыбыз чыдап, тергөөнүн жүрүшүн күтүп турушубуз керек. Эл уулу деп мактап чыккандар болуп атат, мүмкүн, алар чын эле уурудур... Күч түзүмдөрү деле жөндөн-жөн эле камай бербейт да. Өз кезегинде алар дагы купуя сырдан тышкаркы мотивдерин элге ачык маалымдашы керек. 

-- Эгер бул камоолор Кумтөргө байланыштуу далилдерди топтоо үчүн болуп атса, анда кендин кийинки тагдыры кандай болот? Центерраны сотто жеңип чыга алабызбы?” деген суроо да көпчүлүктү түйшөлтүп атпайбы?

-- Азыр бизде биринчи кадам жасалды. Соттошуу процессине чоң даярдык көрүү маанилүү. Анүчүн ар бир саясатчы, мамлекеттик жетекчилер Кумтөр тууралуу билген маалыматын бериши керек. Ошондуктан алардын ишке күбө катары чакырылышын туура көрөм. Анткени тигил тарап да жөн жатпайт. Жалпысынан алганда, биз жактан бул ишке алдын ала даярдыктар жүрдү. Азыркы башкаруучу Теңиз Бөлтүрүктүн тажрыйбалуу адис экендиги, ыкчам кадамдарга барышы ишенимди арттырып атат. Жеңиш үчүн жалпыбыз биригип жардам беришибиз керек.

-- Эгер Кумтөргө тийешеси бар делгендердин баары кандайдыр бир деңгээлде суракка алына турган болсо, анда иш тээ башынан башталышы керекпи? Бул сыртта жүргөн саясатчыларга да тийешелүүбү?

-- Албетте, Акаевден баштап ар бир тийешеси бар күбөлөр, кылмышка шектүүлөрдүн баарын сураш керек. Архивдик документтердин биринчи этабынан баштап иликтениши шарт. Ошондо гана чындык чыгып, афёранын бети ачылат. 


Мээрим Асанова 

"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер