Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Айданбек Акматов, медиа эксперт: “Бүтүн Кыргызстанга” бут тосуп жатышат”

Айданбек Акматов, медиа эксперт: “Бүтүн Кыргызстанга” бут тосуп жатышат”

02-сентябрь, 23:08
624 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

-- Акыркы учурда “Бүтүн Кыргызстандын” айланасында көптөгөн окуялар болуп жата. Мисалы, БШКнын бүгүнкү отурумун айтсак  болот. Турсунбай Бакир уулунун дооматтары канчалык негиздүү?

-- Ар бир партияда мына ушундай окуялар болуп жатты десем жаңылышпайм. Анткени шайлоо учурунда талапкер катары шайлого катышууну көздөгөн жарандар ар кайсы партияларды сынактан өткөрүп, кайсы бири менен шайлоого барсам деп издешет, караштырышат. “Бүтүн Кыргызстанга” да мына ошондой максатта келгендер болду. Көбү калды, тизмеде жүрүшөт. Бир топтору кетти. Алардын ичинен ушул Турсунбай Бакир уулу эле жаңжал салып жүрөт. Бул инсан “курултайда окулган тизмеде биринчи жыйырмалыкта болчумун” дейт. Биринчи жыйырмалыктагылар 250 миң сомдон топтоп, 5 млн. сом күрөөгө бериш керек эле. Ал акча берген эмес. Мына ушуга окшогон себептерден улам артка жылып кеткен. Анан ага нааразы болгон. Соңунда техникалык себептерге байланыштуу тизмеге кирбей калган. Ошондуктан колу жеткен жерге арызданып жүрөт. Турсунбай Бакир уулунун көгөрүп эле арызданып жатканына караганда, “аны көкүтүп жаткандар бар деген ой келет. Белгилүү болгондой, “Бүтүн Кыргызстан” азыркы бийликке оппозициядагы партия. Ошондуктан бийлик аны шайлоого катыштырбай койгонго кызыкдар. 2-сентябрда БШКнын мүчөлөрү дээрлик Турсунбай Бакир уулунун арызын колдошту. Аларга болгону  бир добуш жетпей калды. Ушуга байланыштуу бийликтин БШКанын колу менен “Бүтүн Кыргызстанды” шайлоодон четтетүү аракети ишке ашпай калды. Эми алар соттун жардамы менен максатына жетүүгө аракет жасайт.

-- Анда муну сиздердин партияга карата бут тосуу деп айтсак болобу? 

-- Бут тосуу ачык эле жүрүп жатат. Оппозициялык партиянын курултайын лупа менен карап жатышат. Курултай – партиянын ички иши. Бирок, ага болбой эле текшергени текшерген. Эптеп бир кынтык табыш керек. Бул арада башка партиялар ачык түрдө добуштарды сатып алып жатышат. Сатып алуу фактылары боюнча видеолор социалдык тармактарда жайнайт. №2 форманы толтуруу да массалык түрдө жүрүп жатат. Муну коопсуздук кеңеште президент өзү түз айтып чыкты. Булардын баарын жасап жаткандар бийликчил партиялар. Мына ошондуктан аларга карата чара көрүлбөйт. БШК оозуна кум салып алгандай отурат. 

-- Шайлоо өнөктүгү кандай жүрүп жатат?

-- Шайлоо өнөктүгү аябай ыплас башталды. Бийлик административдик ресурсту абдан пайдаланып, массалык түрдө №2 форманы толтуруу жүрүүдө. Мамлекеттик кызматкерлер мажбурланса, катардагы жарандар массалык түрдө сатып алынып жатат. Муну кантип таза шайлоо дейбиз? Бийликке жакын партиялар мыйзамдарды ачык бузуп жатса да аны көрүшпөйт, байкашпайт...


Анархан Алтымышова

Aryba.kg

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер