Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Гүлзат Аалиева: “Ноорузга каршы чыккандар – Жараткандын мыйзамын жалганга чыгарган каапырлар!”

Гүлзат Аалиева: “Ноорузга каршы чыккандар – Жараткандын мыйзамын жалганга чыгарган каапырлар!”

27-март, 21:57
1 196 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Философия илимдеринин кандидаты, доценти менен маек.

-- Гүлзат айым, эгемендик алган жылдардан тарта Нооруз майрамын кыргыз эли жаңылануу катары белгилеп келишет. Түпкү теги кайдан чыкканы азыркыга чейин талаш. Кечээ жакында эле ашынган динчилдер “Нооруз мусулмандардыкы эмес. Кыргыздар, майрамдабагыла” деп да чыгышты. Ушуну илимий жактан кантип карасак болот?

-- Коюлган суроого жооп берүү үчүн Тора, Библия жана Куран деп аталган семиттердин ыйык китептеринде чагылдырылган адамзаттын жаралуу тарыхына кайрылалы. Бул китептерде тирүү жандыктарды топон суудан Нук (Ной) пайгамбар куткарып калат. Нук (Ной) пайгамбардын төмөндө аты аталган үч уулунан заманбап адамзат пайда болгон:

СЕМ – андан семиттер (еврейлер менен арабдар), 

ХАМ – андан хамиттер (африкалык элдер), 

ИАФЕТ (ИАФЕС) – андан аруу элдери (Евразия материгинде улуу империя курган улуу тарыхка ээ германдыктар, гректер, римдиктер, перстер, славяндар (алардын ичинде орустар), индустар, түрк тилдүү элдер (алардын ичинде кыргыздар), монголдор, япондор ж.б. элдер) пайда болгон. 

-- “Атадан алтоо болсоң да, ар жалгыздык башта бар” дегендей, булардын дүйнө таанымдары ар башка болсо керек?

-- Семиттердин, хамиттердин жана аруу элдеринин ааламдын түзүмүнө (структурасына) карата төмөнкүдөй эки формадагы дүйнө таанымдары бар:

ГЕОЦЕНТРИЗМ (грекчеден geos – жер, латынчадан centrum – борбор) – бул авраамдык (ибрагимдик) диндер деп аталган еврей иудаизмине, христиан динине жана исламга таандык. Бул концепция боюнча дүйнөнүн борборунда жалпак жана кыймылсыз жер турат. Күн жана башка планеталар кыймылсыз жерди айланып жүрүшөт. Семит дүйнө таанымына кирген исламда негизги символ – бул караңгы түндөгү Ай. Ооздон түшпөй даңазаланган дүйнө – өзүн ыраазы кылуу үчүн күнөөлүү тирүү жандарды азапка салып, тозоктуу от менен жазалаган кара күч жашаган кабыр менен тиги дүйнө. Ошол себептен, семиттер негизги көңүлдү ааламга, жылдыздарга, курчап турган дүйнөгө эмес, жерде жашаган адамга жана адамдын күнөөсүнө гана бурушат. Кан көксөгөн күчкө жагып, күнөөдөн арылуу үчүн өз канынан жаралган баласын мууздоодон кайра тартпаган Ибрагим пайгамбарды ыйык тутуп, ошол Ибрагим пенденин кан көксөгөн кара күчтү ыраазы кылуу үчүн мыкаачылыктан баш тартпаган ниетин Курман айт катары майрамдашат. 

ГЕЛИОЦЕНТРИЗМ (грекчеден Helios – күн, латынчадан centrum – борбор) – бул концепция боюнча дүйнөнүн борборунда Күн турат. 9 планета, алардын ичинде жер планетасы, жалпак эмес, шар формасына ээ жана алар төмөнкүдөй эки формадагы айланууну жасап турушат: өз огунун айланасында айланышат – бул күн менен түндүн мыйзам ченемдүү алмашуусун шарттайт, Күндүн айланасында айланышат – бул жыл мезгилдеринин түндүн мыйзам ченемдүү алмашуусун шарттайт. 

Аруу элдеринде негизги символика – кайыптан жаралган Күн, күндүн нуру; ооздон түшпөй даңазаланган дүйнө – бул жарыкчылык менен аруулук (күнөөсүздүк, тазалык, нарктуулук), жарык дүйнөдөгү аруу жана нарктуу жашоо, кудурети күчтүү Жараткан белекке берген өмүр менен жашоонун татыктуу уланышы. 

Гелиоцентрикалык дүйнө тааным хамиттер менен аруу элдерине мүнөздүү. Мисалы, Африкада жашап, дээрлик жапайы турмуш кечирген дого уруусу ХХ кылымдын ортосунда ошол кезде европалыктар билбеген жылдыздардын, планеталардын картасын мыкты билип, дүйнө элин таңгалдырган. 

Кыргыздар – аруу элдеринин бири. Ошол себептен, кыргыздын салттуу дүйнө таанымына гелиоцентризм мүнөздүү. Мисалы, «Манас» эпосунда жер планетасы шар формада экени төмөнкүчө сүрөттөлөт:

«Күндү айланып жүрүүчү,

Тоголок бүткөн жер» деген.

«Көтөрүп турган жел» деген,

«Жер үстүндө эл» деген...

-- Бекеринен кыргыздарды аруу, таза кандуу эл (!) деп айтпаптыр да...

-- “Жердин өзү дөңгөлөк, 

Жеткен жан келээр жөрмөлөп”.

(Орозбаков С. Манас. 113-, 444-беттер). 

Гелиоцентризм принцибине таянган дүйнө таанымда күнөөлүү пенделер эмес, кудурети күчтүү Жараткан өзү орноткон табигый мыйзам ченемдүүлүктөр биринчи орунга чыгып, айтсак, Нурууз (нур – свет, луч, ууз – молозиво, первое молоко) майрамы – байыркы бабаларыбыз ар жылы күн менен түн теңелген 21-мартты өзгөчө майрамдашкан. Дал ушул мезгилден тарта Күндүн нуру менен табы күн сайын жогорулап, ага жараша чөптөр менен өсүмдүктөр күн сайын өсө баштап, кыштан чыккан жан-жаныбар топук алат, тоюнат.

Кээ бирлер «бул майрам перстердики» деп жүрүшөт. Бирок, кыргыз таануучу Алманбет Мурзабаев адилет белгилегендей, перстер жашаган чөлдүү жерде дал ушу 21-мартта жер жарылып көк чыкканын, бийик тоодо өскөн жыпар жыттуу арча менен аластоо ырымын кылганын элестетүү кыйын. Демек, перстер биздин бабалардын Нурууз майрамын Навруз, Науруз, Нооруз формасында алышкан. 


Сурат Жылкычиев 

"Азия Ньюс" гезити


Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер