Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Максат Абдыгуловдун ордуна “Профессордун” барары айтылууда

Максат Абдыгуловдун ордуна “Профессордун” барары айтылууда

10-октябрь, 20:28
1 123 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

ИИМдин 10-башкы башкармалыгынын орун басары Максат Абдыгулов Түркияга атайын өкүл катары кеткени калыптыр. Ордуна “Профессор” каймана атындагы Улан Бердибаев барары каңкууланды. Бул жигит учурда Бишкек ШИИБнин кылмыш иликтөө башкармылыгынын начальниги. Иш жүзүндө жарытылуу натыйжа берген жок. Жалпы кылмыштуулукка каршы күрөшүүдө аксап, көзгө толумдуу иш кыла албаганы өздүк курамда сынга алынып келет. “Профессор” таасирдүү кызматта туруп, ийгилик жарата албаган соң, 10-башкы башкармалыкты жетектеген Урмат Жумабековго жүгүн артабы? Буга чейин Максат Абдыгулов “кой терисин жамынган карышкырдай” шек жаратып, системанын ыргагына тоскоол жаратып келсе, эми мунусу жыргатабы? “Аңгектен качсаң дөңгөккө” дегендей ишарат эмеспи? Айтор, Урмат Жумабеков орун басарга жарыбас болду.  


"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер