Расул Умбеталиев, эксперт: “Министр Таалайбек Ибраев президенттин саясатына каршы иштейби?”

-- Шаар тургундары март айында электр энергияга болгон төлөм аябай көп чыкканын айтышууда. Май айындагы тарифтин көбөйүшүн эл кантип көтөрөт? Бул боюнча кандай пикирдесиз?
-- Бул электр энергиясын бөлүштүрүү компанияларынын саясаты. Жыл башында электр энергиясын бөлүштүрүүчү компаниялар: "Кыргызстандын электр тармактары" ишканасы, ошондой эле "Түндүкэлектр", "Бишкек электр тармактары" сыяктуу бөлүштүрүүчү ишканалар өз ишмердүүлүгүн жүргүзүп келет.
Январь, февраль, март айларында бул компаниялар жөнөкөй жарандарга, ири ишканаларга жана ар кандай мекемелерге туура эмес эсеп-фактураларды жана квитанцияларды беришет. Бул эмнеге байланыштуу? Себеби, жыл сайын министрлер кабинетинин тапшырмасы менен электр тармагындагы компанияларга техникалык жана коммерциялык жоготууларды 1-2%га азайтуу боюнча буйрук берилет. Ушул тапшырманы аткаруу максатында жыл башында жарандарга “электр энергиясын ашыкча колдонду” деп чоң суммадагы квитанциялар жиберилет. Башкача айтканда, электр энергиясын колдонуу көлөмү жасалма түрдө көбөйтүлүп, натыйжада, коммерциялык жана техникалык жоготуулардын пайыздык көрсөткүчтөрү азайтылгандай болуп көрүнөт.
Жакынкы убакта, айрыкча март айында көптөгөн жарандар өздөрүнө түшүнүксүз болгон 2-3 миллион сомдук эсеп-фактураларды алып, нааразы болушууда. Бул атайын уюштурулган схема. Андан соң компаниялар "бул техникалык ката болду, компьютер туура эмес эсептеп койду" деп кечирим сурашат жана эсеп-фактураларды кайра оңдоп, туура көлөмдү жазып беришет. Бирок ошол эле учурда компаниялар отчетторунда "биз коммерциялык жана техникалык жоготууларды 1-2%га кыскарттык" деп көрсөтүшөт.
Бул финансылык көз боёмочулук болуп саналат, анткени, жоготууларды кыскартуу менен компаниялар чоң суммаларды мыйзамсыз түрдө өздөрүнө өткөрүп алышат. Андан соң министрлер кабинетине да ушул маалымат берилет жана компания жетекчилери өз кызматтарын сактап калуу үчүн дал ушул ыкманы колдонушат. Албетте, бул туура эмес саясат! Анткени мындай аракеттер электр энергиясын бөлүштүрүү тармагындагы каржылык тартип бузууларга алып келет.
-- Жаңы тарифтик саясат алдыда элге чоң оорчулук алып келчүдөй...
-- 2025-жылдын 27-февралында энергетика министрлиги жаңы тарифтик саясат боюнча долбоорун сунуштады. Бул долбоор боюнча 2025-жылдын 1-майынан тартып бир киловатт-саат электр энергиясынын баасы орточо 23,8%га жогорулайт. Буга чейин министрлер кабинетинин токтомуна ылайык, 2025-жылдын 30-сентябрына чейин электр энергиясынын тарифи жыл сайын май-июнь айларында инфляциянын деңгээлине жараша көтөрүлүп турган. Өткөн жылы инфляция 6,5-7% түзгөнүнө карабастан, азыр тариф 23,8%га көтөрүлүп жатат, бул туура эмес чечим.
Жаңы тарифтик саясат боюнча 1-майдан баштап 700 киловатт-саатка чейин электр энергиясын колдонгон жөнөкөй жарандар ар бир киловатт-саат үчүн 2,80 сом төлөшөт. Бирок жаңы долбоордо мындай жеңилдиктер жөнүндө эч кандай маалымат берилген эмес.
Эгерде бул долбоор кабыл алынса, анда энергетика министри Таалайбек Ибраев президенттин саясатына каршы чыккан болот. Анткени, жаңы тарифтик саясатта аз камсыз болгон катмарлар тууралуу эч нерсе айтылган эмес. Ошондой эле калк үчүн электр энергиясынын баасы кескин жогорулап жатканы байкалууда.
Мындан тышкары, “2026-2030-жылдар аралыгында электр энергиясынын тарифи жыл сайын 20%га көтөрүлөт” деп пландалууда. Бул экономика үчүн да, калк үчүн да оор жүк. Анткени, буга чейин тарифтер инфляциянын деңгээлине жараша көтөрүлүп келген болсо, эми тариф инфляциянын деңгээлинен бир топ жогорулады.
Министрлер кабинети 2021-жылы кабыл алынган токтомду жокко чыгарып, азыр сунушталып жаткан тарифтик саясатты кайра карап чыгышы керек. Анткени, тарифтерди негизсиз көтөрүү мыйзамсыз жана адилетсиз кадам болуп саналат. Өзгөчө 700 киловатт-сааттан ашык электр энергиясын колдонгондор үчүн тарифтер олуттуу түрдө көбөйдү. Ошол эле учурда алтын казган ишканалар, цемент заводдору жана майнинг компаниялары үчүн тариф болгону 20%га жогорулайт, ал эми калк үчүн 23,8%га көтөрүлүүдө. Бул дагы бир жолу адилетсиз саясат экенин көрсөтөт.
Эгерде электр энергиясынын тарифи көтөрүлө турган болсо, анда министрлер кабинети пенсияларды, жөлөк пулдарды жана мамлекеттик кызматкерлердин айлыгын инфляциянын деңгээлине жараша индексация кылышы керек. Бирок акыркы жылдарда мындай индексация болгон эмес.
Гүлжан Төрөбаева