Жетигеновду “базар жаңжалы” жыгабы?
Бул ишке УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев аралашып калды. Арыз-даттануулар күч. Жергиликтүү бийлик колдон-буттан алып, селден кийин ар тараптуу ыкчам аракеттерин көрсөтө албай коюшту. Жогору жакка сөз тийгизбей эле бүтүрүшсө болот беле? Асыресе, Ташиев кырдаалды алдын ала байкап, чогулуш кылып, жөн жерден катуу талаптарын койбосо керек...
Буга чейин аракетте иштеп аткан Ош шаарынын мэри Бакыт Жетигенов “базар чыры” менен жарга такалчудай. Себеби, эки айда маселе чечилбеси талданууда. Мындай кыска аралыкта сыйкырчы гана баардык көйгөйлөрдү жокко чыгармакпы? Заманбап шарттар жаратмандыкта жасалабы? Бир жагынан эски базардагы миңдеген соодагерлер, ал жерден жан баккандар ойдогудай жумуш ордулары менен камсыздалабы? Айтор, түйүнү татаал суроолор чубап баратат. Жетигенов эки айда көз жоосун алгандай ийгиликти жарата алышы арсар го? Мэриянын финансылык абалы, бюджети эске алындыбы? Талапка ылайык архитектуралык саамалыктар, өзгөчөлүктөр сакталабы? Кыскасы, кабыргасынан коюлган татаал маселенин кырына келдик. Ош мэринин кызматтык карьерасына балта чабылып, жыгылууга жакындаган кербезиби?
Анан калса, Жетигенов бийлик төбөлдөрү менен дос деле эмес. Кандайдыр бир кызыкчылыктар, аймактык балансты сактоо, ротация аракеттери менен азыркы креслосуна келген. Мэр катары жылуу сөзгө татып, башка бир топ жетекчилерден көрүнө алганын калыстык үчүн айта кетели. Бирок саясаттын сурагы, жашоонун түйшүгү башка тура...
Тайлак НАЗЫМОВ
Эл кыжыры
Улам бир демилгеси менен сынга калган Айбек Жунушалиев
Келаткан 1-сентябрда Бишкек мэри Айбек Жунушалиев кызматтан кетиши мүмкүн. Ишенимди, милдетин так аткара албаса, президент Садыр Жапаров жумуштан айдай турганын эскерткен. Атайын Фейсбукка пост жазган. Түпкүлүгүндө, бул эргул бийликтин рейтингин түшүрүп, элдин кыжырына тийип, “долдурап” эле жүрөт...
Ошентип, мэр Жунушалиев улам бир маселени көтөрүп чыгып, коомчулук астында талкуу жаратып, көпчүлүктү эки анжы ойго салганга көнүп калды окшойт. Ататүрк паркындагы үйлөрдү сүрдүрө албай, акыр-чикир убагында тазаланбай, башаламан курулуштарды тескебестен, жаратылышка камкордугун көрсөтүүгө шайы жетпеди.
Натыйжада, автоунаа айдагандар номерлерине жараша иргелип, ар аптада бир күн кезектешүү иретинде жөө жүрүшү керек экен. Болбосо, буйрукка баш ийбегендер баягы эле айып пулга такалабы? “Жондон кайыш тилинеби”? Ооба, Бишкек шаарында жылдан жылга жол тыгындары көкөйгө көк таштай тийүүдө. Бийлик аны масималдуу ыңгайлуулук жаратуу менен чечсе не? Мэрдин дагы бир өзүм билемдиги боюнча алсак, айылдыктар автоунаа менен Бишкекке келишсе, сыртка токтотуп коюшуп, шаарда автобус менен жүрүшөт экен. Мына кызык тамаша! Аймактан, райондордон жарандарыбыз ооруган ата-энесин, же балдарын доктурга алып келишсе, канчалык азапка батышарын ойлобойбу? Ар кандай оор шарттар жаралышы мүмкүн. Сыягы, алешемдик күч...
Тилекке каршы, Жунушалиев шак эле мурду менен тийет. Маселенин тереңин билбейт. Анан сын-пикирлер арбыйт да. Кайра айтканына кол шилтеп, артка кайтат. Ток этери, “камырдан кыл сууругандай” кылдаттык көрүлбөй келет. Түпкүлүгүндө алыска аркан ыргыта албай, тажрыйба жаатынан аксап атса, тамтаңдаганы ушулбу?
"Азия Ньюс" гезити