Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Креслодон бактысы жанбаган Эмилбек Абдыкадыров дагы жыдыды

Креслодон бактысы жанбаган Эмилбек Абдыкадыров дагы жыдыды

06-июнь, 23:00
583 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Ушундай. Кызматтан бактысы жанбай, арабөк жүргөн Эмилбек Абдыкадыровду Жогорку сот “мыш” кылгандай эле чечим чыгарыптыр. Себеби, ал 2021-жылы өткөн парламенттик шайлоого карата Бишкектин административдик сотуна арызданып, №21 Талас шайлоо округу боюнча мандат алууну мелжеп калган. Убагында ал жердеги аламандан Бактыбек Чойбековго утулуп, элдин колдоосун ала алган эмес. “Жыгылган күрөшкө тойбойт” демекчи, Эмилбек Абдыкадыров үч жыл мурун өткөн шайлоодон чыр чыгарып, “жең ичинен” депутат болууну көздөсө керек. Аныгында Жогорку сот териштирүүнүн пайдасын Бактыбек Чойбековго ыйгарып, акыркы чекитти койду. Кылдан кыйкым издөө, күчкө салуу, же амалдануу менен муратка жетүүнүн да заманы өтүп баратат окшойт. Эмилбек Абдыкадыров Бишкек шаарын башкарып, кыйраткан жок. “Талкалагыч” катары элдин эсинде калды го? Андан соң Ысык-Көл облусуна губернатор койсо, иштей албай тез эле “куйрук түйдү”. Не дейли? Акыры келип мандатын сот аркылуу талашып, дагы жыдыды. Эми карыганда калжаңдабай тынч эле жүрсө не?   


"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер