Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Жүрөгү сокпой калсачы? Мадумаров майып болду, бийликке коркунуч жаратпайт

Жүрөгү сокпой калсачы? Мадумаров майып болду, бийликке коркунуч жаратпайт

25-октябрь, 19:30
580 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Чоң саясатта алдыны көрө билип, ошого жараша тыянак чыгаруу керек. Дос, душманга этият, кыраакылык менен мамиле кылуу маанилүү. Учурда бийликтин астында саясый, экономикалык, социалдык ж.б. көйгөйлөр арбын. Ошолордун биринен учкай кеп кылып, реалдуу сунуш, багыт берип коёлу.

“Бүтүн Кыргызстан” партиясынын лидери Адахан Мадумаров камалгандан кийин жүрөгүнө кардиостимулятор коюлганын, сахары бар экенин билдик. Өткөн айдын соңунда жүрөгү төрт жолу токтогонун, операция жасалышы керектигин, жагдайы оор экенин адвокаты айтып чыкты. Кудай сактаптыр. Түз айтканда, Мадумаровдун майып абалында түрмөдө отурганын билдик. Андыктан, бийлик үчүн коркунучтуу деле эмес. Кокустуктун, жамандыктын алдын алып, эркиндикке чыгарып койсо деле болот...

Дени-карды соо адам деле камалганда ооруп, ден соолугунан ажырай баштайт. Стресстик жагдай түзүлүп, бушаймандык басат. Кайгы. Ал эми жүрөгү өз алдынча иштей албаган Мадумаровдун акыбалын элестетип көрдүңөрбү? Бир күнү сокпой калса, токтосо... Саясый кырдаалга таасир этпейби? Андыктан, сергек акыл-эс менен эртеңки күнгө карай терең талдоо жүргүзүп, оң натыйжа бере турган чечимге баруу керек. Албетте, төбөлдөргө кулак кагыш. Ашыкча баш ооруунун кимге кереги бар? Мурда биз билчү эмеспиз, Мадумаровдун ден соолугу өтө начар экен. Мындай абалы менен эртеңки күнү так талашып, оппонент боло албасы айдан ачык көрүнүп калды. 


"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер