Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » “Азыркы бийлик элдин үмүтүн актай албай атат”

“Азыркы бийлик элдин үмүтүн актай албай атат”

17-июль, 11:12
1 634 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

“Кыргызстандан ишкерлер, инвестиция качып атат. Себеби эмнеде? Күздө төңкөрүш болушу мүмкүнбү?..” деген собол таштадык. 

Өндүрүш Токтонасыров, укук коргоочу:

-- Себеби баарыбызга эле түшүнүктүү. Өлкөнүн коомдук-саясый турмушундагы абал октябрь окуяларынан кийин деле оор бойдон калууда. Алган багыт чаржайыт, түшүнүксүз. Бийликке сын айтканды коркутуу, негизсиз камоо “салт” болуп калууда. Легитимсиз парламент кетпей койду. Бийликтегилер элге караган жок, “өзүбүз билебиз” деген жаңылыш принципти карманууда. Ушинтип отурсак ишкерлер иштемек беле? Анан кайдагы инвестиция? Эл революциядан коркпойт. Эгер абал оңолбосо, күздө кезектеги революциянын болуусу ыктымал жана ага алып барчу кырдаал деле мына-мына түзүлүп калды.

Надира Нарматова, коомдук ишмер:

-- Экономиканын өнүгүшү – ишкердикти жүргүзүү, инвестиция тартып келүү, өндүрүш, бизнес уюштуруу. Акча каражаты тынчтыкты, бейпилдикти сүйөт. Өлкөдө кырылышып, кызмат талашуу менен тынчыбай, эл ишенип шайлап, ишеним берген бийликти иштетпей, “отурса опок, турса сопок кылып”, түрдүү кара пиар жасап, тынымсыз митинг, пикет уюштуруп, жалаа жаап, өлкөдө тынчтыкты бузуп, дестабилизация уюштуруп отурса, инвестиция келеби? Бизнес өнүгөбү? Саясый өнөктүктөрдү шылтоо кылып, ызы-чуу салып отурушса кайдагы өнүгүү болот? Кыргыздын душманы – кыргыз. Сырткы душмандардан, ички душмандар коркунучтуу болуп турат. “Мен келсем кыйратам!” деген эле жексурлар көбөйдү. Үч жолу төңкөрүш жасалды. Жыйынтык чыгарган жан жок. Эми президенттик башкарууну эл тандады. Элдин чечими. Конституция кабыл алынды. Болгону күзүндө Жогорку Кеңештин шайлоосу өтүп, жаңы Конституциянын негизинде жолго түшүп кетебиз буюрса. Акыркы мезгилде атамекендик ишкерлерди президент өзү баш болуп жолугуп, колдоп жатканы ишкерлерге ишеним жаратууда. Текшерүүлөрдү азайтып, өнүгүү фонддор аркылуу колдоо көрсөтүү, салыктан өндүрүшчүлөргө жеңилдетүү да жакшы жөрөлгө. Арты таза, мекенчил ишкерлер сыртка чыгып кетпейт. Ал эми артында илинчеги барлар көлөкөсүнөн коркуп, кетсе кетип жаткандыр. Күздө эч кандай төңкөрүш болбойт. Кимдин ким экендигин элибиз түшүнүп турат. 30 жылда 31 өкмөт, 6 президент алмаштырып, бийлик талашып жүрүп, мамлекетти талкалагандар дагы да тынчыбай, бүгүнкү күндө кызмат талашып, бийликке бут тосуп жаткандар ошолор. Кыргыздын ырыскысына чычып, мамлекетти талап-тоноп, байып, тойбой, дагы деле көзү кызарып, жөн отура албаган саясый оюнчулар. Эл өз баасын бериш керек. Бийликтин баштаган коррупциялык иштерин толугу менен акырына жеткирүү милдети турат. Кумтөр боюнча көйгөйдү акырына жеткирип, бир жактуу келишимден чыгып, биротоло мамлекеттин карамагына алып, чыр-чатакты бүткөрүш керек. Чек ара меселесиндеги талаш-тартыш делимитация, демаркация иштерин дипломатиялык жолдор менен тынч бүткөрүп алалы.

Пандемия, коронавирустан аман-эсен элибизди алып чыгып алуу, элди сактап калуу милдеттери турат. Азык-түлүк коопсуздугу, кымбатчылык кокодон алууда. Кургакчылыктын айынан быйылкы чөп-чардын аздыгы кыштан мал-жанды аман алып чыгуу коркунучу бар. Бул багытта Садыр Жапаров баш болгон министрлер кабинети ар тараптуу иштерди жасашууда. Аталган көйгөйлөр акырындап жолго түшсө, “күздө революция кылам” деп эңсегендер тек отурушса болот. Кудайдан коркушсун.

Шылтоосу ЖКнын шайлоосу. “Шайлоо мыйзамсыз өттү” деп айкырып чыгышы мүмкүн. Шайлоону мыйзамдуу өткөрүү элге, шайлоочуга, партияларга байланыштуу. 

Эми духу күчтүү, ийилсе сынбаган, камаса майтарылбаган, беттегенин бербеген, чыныгы кыргыздын мекенчил, арты таза, уурулук кылбаган, духу күчтүү көкжалдарды иштетип көрөлү. Алты жыл бат эле өтөт. Алдыга койгон максаттарына жетсин. Жооп бере турган мезгил келет. Жыйынтыгы чыгат. Туруктуулук болсо, өсүп-өнүгүү болот. 

Жыйынтыктап айтканда, революция, төңкөрүштүн эч кереги жок. Кыргыздын душмандары деп баалашыбыз керек төртүнчү төңкөрүш жасагысы келип, революция эңсегендерди. Ошолордун кесепетинен ушинтип итке минип отурабыз, карызга батып.

Асылбек Жооданбеков, коомдук ишмер:

-- Акыркы мезгилде көпчүлүк ишкерлерибиз өзүнүн капиталдарын сыртка алып чыгып кетип аткандары коомчулукка маалым болуп калды. Мунун бирден-бир себеби эле биздин бийлик бизнесмендерге, ишкерлерге ыңгайлуу шарт түзүп бере албай атканында болуп атат. Албетте, коррупционерлерди кармап, чекесинен отургузуп, кээ бирөөлөрдүн акчаларын “кустуруп” атканы жакшы көрүнүш. Анткен менен ошол эле коррупционерлер өздөрү билбей атышат:  кандай айыптоолор коюлду, канча акча кайда төгүш керек, алар мамлекеттин пайдасына түшүп атабы же жеке бир адамдын чөнтөгүнө кетип атабы – баары бүдөмүк. Бул нерсе мыйзам баарына бирдей эмес экенин жана жең ичинен соодалашуудан кабар берип тургансыйт. Азыркы бийлик эл күткөн, эл дегдеп турган өнүгүү багытын, жолун көрсөтө албай, элдин үмүтүн актай албай атат. Төңкөрүштү эл деле каалабай калды. Ар бир төңкөрүштүн арты менен шылуундар келет. Элдин жонунан кайыш алып, үмүтүн өчүрөт. Анын бир эле мисалы, шаардык кеңештерге шайлоону алалы. Мурун кандай мыйзам бузуулар болсо, бу жолкулары алардан ашып түшүп атат. Эч бир жылышты байкаганым жок. Бир эле жерде тыгылып туруп калдык.


Сурат Жылкычиев 

"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер