Менин кайгыларым сага да азап тартуулайт...
Сен менин жүрөгүмө калтырган кара так, оору болдуң. Саргайып бүткөн сагынычтар, куурап бүткөн үмүттөр сени да жылдар бою тынч жашатпайт. Бейпил жашоо бербейт...
Мен сага жашоомду, болгон жандүйнөмдү, сүйүүмдү арнадым.
Мен сени өтө эле катуу сүйдүм. А сен менин болгон эркимди башкарып алдың. Мен өзүмдү көзөмөлдөй албай калдым. Сенсиз дем ала албай жүрдүм. Күн санап, саат санап сени катуу сүйүп бараттым. Мен сүйүүгө берилген сайын тагдырым талкаланып атты.
Анда биздин мамилебиз бар болчу. Мени сенден башка эч ким сүйбөй турганына ишендирчүсүң. Мен сенсиз жашоомду элестете алчу эмесмин... Күндөрдүн бир күнүндө менден тажадың. Коштошпой да, эч бир сөз айтпай таштап кеттиң.
Мен ээнсиреп калдым. Жалгыздык менин баардык сезимдеримди өлтүрдү. Мен сени менен түбөлүк бирге болгум келген. Ал кыялдарым көмүлүп, жер алдында калгандай болду.
Сен кеткенден кийин жандүйнөм ооруду. “Жандүйнө оорусунун дарысы болсочу аттигиниң” дегендей дарысыз, дабасыз дарт менен көпкө күрөштүм. Сезимдерим, жүрөктөрүм баары өлүп калгандай болду. Көз жаш менен курбу болдум.
Бирок, бүгүн мага өткөн күндөрдөй керек эмессиң. Мен өткөргөн оор азаптардан кийин кайтып келүүңдү күткөнүм жок. Менин бул кайгыларым, азаптарым, көз жаштарым асманга учуп кетпейт. Же жерге көмүлүп калбайт. Алар сенин да жандүйнөңдү тал талга бөлөт. Азап тартуулайт. Сага мындан ары тынч жашоо бербейт...
Марал Муканова
Aryba.kg