Акыркы кабарлар
» Саясат » Лавров, Козак сындуу Москванын лөктөрүнө кадыры өткөн Казакбаев келечегин тандадыбы?
Лавров, Козак сындуу Москванын лөктөрүнө кадыры өткөн Казакбаев келечегин тандадыбы?
12-май, 21:59

Учурда ден соолугун чыңдап жаткан Руслан Казакбаев жакын адамына шыбырап, бийлик менен иштешпей турганын айтыптыр. Бул боюнча тар чөйрөдө кеп жаралып, өздүк булагыбыз бизге жеткизди. Орусиячыл Казакбаев ыңгайы келип турганда кызматынан кеткени, өзүн сактап калганы, асыресе, таасирдүү күчтөр менен тымызын сүйлөшкөнү да аныкпы? Сергей Лавров, Дмитрий Козак сындуу Москванын лөктөрүнө кадыры өтүп, жылуу мамиледе экени белгилүү. Көп сыноодон алдыга озуп, сүлкүлдөп турган убагыбы? Келечекте көрөбүз, тагдыр кайсы жолго жетелей турганын...
"Азия Ньюс" гезити