Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Ак-Ордо–3 конушунда үй түрттүрүлүүдө

Ак-Ордо–3 конушунда үй түрттүрүлүүдө

15-июнь, 11:50
413 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Ак-Ордо–3 конушунда жер тилкесин талашуунун айынан бир турак жайды түрттүрүүгө аракет болуп жатат. Бул туурасында күбөлөр “Sputnik Кыргызстанга” кабарлады.

Билдирүүгө ылайык, жер тилкесин ишеним каттын негизинде эки адам сатып алган. Алардын бири бүгүн экскаватор менен келип, экинчисинин үйүн түрттүрө баштаган. Жеринде 100дөй милиция кызматкери турат.

"Эшигимди талкалап, төрт баламды жетелеп чыгышты. Үйүмдү бузуп жатышат. Урматтуу Садыр Нугожоевич, сиз бул жерге келгенде "ким үй салып жашап жаткан болсо, ошого документ чыгат" дегенсиз. Ак-Ордо конушунун баары ишеним кат менен алышкан. Биз да эл катары сатып алганбыз. Анан Тамара деген аял соттун чечимин чыгарып алып келип, бузам деп жатат. "10 миң доллар берсең бузбайбыз" деп жатышат. Мен 4 баламды араң багып жатам, мынча акчаны кайдан табам?" деди үй ээси.
Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер