Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Чалагайым Абдикарим Алимбаевдин шалаакылыгы көз жаздымда калдыбы?

Чалагайым Абдикарим Алимбаевдин шалаакылыгы көз жаздымда калдыбы?

11-январь, 23:07
899 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Укук коргоочу Гүлгакы Мамасалиева Баткен губернаторлугунан УКМКнын 1-орун басарлыгына жана мамлекеттик чек ара кызматынын башчылыгына которулуп кеткен Абдикарим Алимбаев боюнча мындайча жазды:

“Көк-Терек айылындагы 17 үй-бүлө согуштан кийин өз конуштарына кайтып келише элек. Эки жылдан бери тууган-туушкандарында жашап жүрүшөт. Кышында өтө кыйналышты... Ал эми 400дөн ашык үй-бүлө 2022-жылкы согушта өрттөлүп кеткен буюмдары боюнча дагы деле бир тыйын компенсация алышкан жок” деп. 

Бул маалыматка жогорку бийликтегилер баа бершип, чын-бышыгын айкындашы керек эле. Абдикарим Алимбаев мындай дооматтарга эмне үчүн үн катпайт? Айтмакчы, аз күн мурда Лейлек районунун Арка-2 айылынын жашоочулары 32 жаштагы энеси менен кызы короосун тазалап жатып, күтүүсүз жарылууга кабылышкан. Оор жаракаттан улам Оштогу ооруканада дарыланып жатышканы кабарланды. Бул 2022-жылдагы чек ара чатагынан жаралган “согуштун калдыгы” катары бааланууда. Облустук бийлик, күч органдары эки тараптуу кагылыш бүткөн соң, эл жашаган аймакты көзөмөлдөп, коопсуздук үчүн тыкыр текшерүүлөрдү жүргүзүшү керек эле. Албетте, мындай кайгылуу көрүнүшкө мурдагы губернатор Абдикарим Алимбаевдин моралдык күнөөсү бар да, туурабы? Шалаакылыгын, кайдыгерлигин кантебиз? Талдоого алынышы керек. Артында алешемдиктер чыгып аткан соң, кандай таризде борборго чоңоюп кетти? Кадр тандоодо кошоматчыларды эмес, чыныгы профессионалдарга карасак эп келишмек.  


 "Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер