Акыркы кабарлар
» Саясат » Канат Жумагазиевди республикалык масштабда пайдалансак жарашмак
Канат Жумагазиевди республикалык масштабда пайдалансак жарашмак
06-февраль, 09:00
945 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌Келечектеги министр Канат Жумагазиев Нарын ОИИБге начальник болуп барганы ОПГ аттуулар качып жоголушту. Ал эми башында кандай эле? Кочкор РИИБси кылмыш дүйнөсүнө багынып берип, тепки жеп калганы ачыкталган. Кордук көрүшүп. Жыйынтыгында, полковник Канат Жумагазиев Теңир-Тоого барганы тартип орноду. Милициянын эрежесин так кармаганы, “каралар” менен соодалашпаган жагынан үлгү. Мыйзамдын мизине жараша кызмат көрсөтүүдө. Каарманыбыз кылмыштуулукка каршы күрөшүүдөн сырткары профилактикалык, агартуучулук иштерин көрсөтсө, Нарын облусун алдыга сүрөсө, милиция менен элди жакындатса, өздүк курамга шарт түзүп, кем-карчын убактысына жараша чечип берсе... Булар эми милдеттүү түрдө аткарылат да. Чындыгында, Канат Жумагазиевдей тажрыйбалуу жетекчини бир облуска кармабай, республикалык масштабда бийликтин аброюн көтөрүү үчүн пайдалансак жарашмак. Же “ит күлүгүн түлкү сүйбөйт” болуп атабы?
Бөлүшүү:
"Азия Ньюс" гезити