Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Дайыма кынтык издеп, тетири сүйлөп турбаса, Адахан аты өчөбү?

Дайыма кынтык издеп, тетири сүйлөп турбаса, Адахан аты өчөбү?

03-январь, 09:31
2 306 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Жакында “Ысык-Көл” мейманканасын бузуу чечими кабыл алынган эле. Себеби, бул имарат он төрт жылдан бери кароосуз калып, авариялык абалга келгени, оңдоо-түзөө иштери жасалса деле кооптуу бойдон калары кабарланган. Ордуна мамлекеттик маанидеги административдик комплекс курулары расмий жарыяланды. 

Эгерде президенттик аппарат, министрлер кабинети аталган жерге жайгашса, туура кадам жасалмак. Бир чети Ала-Арча резиденциясына жакын, Бишкек шаарынын түштүк тарабында болуп, жол тыгындан арылууга, келген конокторду тосууда да ыңгайлуу шарт түзүлмөк. Негизи алгылыктуу демилге. Реалдуу ой жүгүрткөн адамдар туура эле түшүнүп атышат. 

Тилекке каршы, баягы эле кылдан кыйкым издегендер тескериленип чыгышты. Айрым саясый күчтөр упай топтоо үчүн соцтармактардан элдин башын айлантууга далбасташты окшойт. Алардын арасынан заарын чачкан, жеңил пиар менен көрүнө калгысы келген Адахан үн катпаса аты өчөбү? “Тарыхый мурасыбызды талкалап атышат, токтоткула!” дегендей кайрылуу жасады. Коомду козутуп, адаштыруу гана амалы. Өзү баарын түшүнүп турат, бирок ичине таруу айланбай, адатынча акылдуу көрүнгүсү келип, көңдөйлүгүн ачыктаган кербези. Мадумаров пайдалуу иштерден дайыма кынтык издеп, тетири оозанып турбаса оорусу кармайт шекилдүү, туурабы?..

Аныгында, “Ысык-Көл” мейманканасы жарактан чыгып, далай жылдан бери кароосуз калса, анан оңдоого алуу менен жаркыраган имарат катары шаардын көркүнө көрк кошсо, эмне жаманбы? Бул чоң курулушка президент каражат таап, салдырып баштаса, алкоого гана алынышы керек. Албетте, калыс маанайда ой жүгүртсөк... 


"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер