Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Капкара болгон Аскат Сулаймановго сизди ыраа көрбөйм

Капкара болгон Аскат Сулаймановго сизди ыраа көрбөйм

07-май, 17:24
14 694 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

(Альбина Имашовага!)

Сиздин чыгармачылыкка көптөн бери кызыгып, жогору баа берип келем. Аткарган ролдоруңуз мыкты. Ийине жеткизип, көркүн чыгарасыз. Бүгүнкү күндө кызыктуу кыргыз кинолорун көрсөк, анда сөзсүз каарман катары катышканыңыз купулга толот. Жылдыздуу, чырайлуу келбетиңизге сүйлөгөн сөзүңүз, образды ачып бергениңиз шайма-шай төп келет. Бирок, кээде кинодогу күйөөлөрүңүз сизге жарашпай, чыныгы жуптай көрүнбөй калат экен. Мисалы, жанагы Аскат Сулайманов деген курсактуу, капкара кишиге дегеле сизди ыраа көрбөйм. Ошону менен эрди-катын катары ойногонуңуз окшошпойт да. А баса, турмуштагы жолдошуңуз Арнис мыкты жигит көрүнөт. Таланттуу актёр тура. Бою гана кичинелик кылбаса, калган жагы түзүк өңдөнөт. Кыскасы, Альбина айым, сиздин чыгармачылыкты колдоп, талантыңызды жактырган күйөрманмын. Дайыма асманыңыз ачык, жолуңуз шыдыр болсун! Кыргыз кереметтерин жаратууга салым кошо бериңиз...


Бакай   

"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер