Бурятияда алты кыргыз жараны кулчулуктан кутулду. Аларды мекендеши эле сатып кеткен
Ушул жылдын кыш мезгилинде Бурятияга алты кыргызстандык адам фермага иштегени келген. Ортомчу катары дагы кыргызстандык адам сүйлөшүүлөрдү жүргүзгөн. Бирок, жумуш берген адам эмгек мигранттарынын документтерин алып, аларды мыйзамсыз түрдө иштете баштаган. Жарым жылдан кийин, тагыраагы, 2021-жылдын 2-июнунда Иркутск шаарындагы Кыргыз Республикасынын элчилигинин канцеляриясына мыйзамсыз кармалып жаткан 6 кыргыз жараны тууралуу маалымат түшкөн.
“14-июнда элчиликтин канцеляриясы Россиянын ИИМнин катышуусу менен кыргыз эмгек мигранттарынын паспортун кайра ээлерине кайтарып, эртеси 6 жарандын үчөө мыйзамсыз кармалып жаткан жайындагы кулчулуктан бошотулган. Андан төрт күн өткөн соң бардык жарандар бошотулган. Учурда бардык жарандар Улан-Удэ шаарындагы мейманканалардын бирине жайгаштырылган. Диаспора тарабынан аларга керектүү жардамдар көрсөтүлүп жатат” деп маалымдаган элчиликтин канцеляриясынан.
Ал эми тергөө комитети бул иш боюнча сотко чейинки өндүрүш ишин баштаган.